www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Си Цзиньпин АКШ-Кытай мамилелери туңгуюктан чыга электигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка караганда, АКШ-Кытай мамилелери мурдагыдай эле абалда. Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле АКШнын мурдагы администрациясы убагында туңгуюкка кептелген, азыр абал андан да оор.

"Учурда Кытай менен Америка Кошмо Штаттарынын мамилеси мурдагы америкалык администрация тарабынан түзүлгөн абалдан чыга элек, тескерисинче, андан да чоң кыйынчылыктарга дуушар болууда. Айрыкча АКШдагы кээ бир адамдардын Тайвандын көз карандысыздыкты жактаган күчтөрүнө жалган сигналдарды берип жатканы кооптуу", - деди Си.

Ошондой эле, Си эки өлкөнүн лидерлери Кытай менен АКШ бири-бирин урматтап, тынчтыкта ​​жанаша жашап, тирешүүдөн алыс болуп жана бардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү жана диалогду бекемдөөгө макул экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Украина менен Орусиянын ортосундагы согушту талкуулоо үчүн Джо Байден менен Си Цзиньпин, бүгүн телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости