www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги журналисттик материалдардын жана медиаматериалдарды түзүү боюнча блогдордун авторлорунун арасында  мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) системасы жана МКЮЖ чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдын ролу жөнүндө конкурс жарыялайт. 

Журналисттик материалдардын жана блогдордун авторлору медиа тибине жана медиапродукттардын түрүнѳ (теле берүүлѳр, радио берүүлөр, подкастер, видеороликтер, макалалар, блогдор, видеоблогдор) карабастан кыргыз жана орус тилдеринде конкурска катыша алышат. Конкурстук материалдар гезиттердин беттеринде, социалдык тармактарда, онлайн басылмалардын вебсайттарында, блог платформаларында жарыяланышы же өлкөнүн теле - жана радиоканалдары аркылуу трансляцияланышы керек. 

Жеңүүчүлөрдү КРнын Юстиция министрлигинин, КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун жана БУУӨП долбоорунун өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия аныктайт. 

Сыйлыктар:
Мыкты журналисттик иш
1-орун-Ноутбук
2 орун-Букридер
3 - орун-Уюлдук телефон
Кызыктыруучу сыйлыктар
 

Мыкты блогер
1-орун-Ноутбук
2 орун-Букридер
3 - орун-Уюлдук телефон
Кызыктыруучу сыйлыктар 

Конкурсту өткөрүү мөөнөтү:
Конкурска катышуу үчүн “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы жана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдын ролу жөнүндө медиаматериалдардын конкурсу” белгиси менен шилтемелер же сканерден өткөрүлгөн материалдарды [email protected] электрондук почтага жөнөтүү керек.
Кошумча суроолор ушул эле электрондук почта аркылуу кат жазуу менен сураса болот. Конкурс тууралуу кеңири маалыматты төмөнкү шилтеме боюнча сайттан алууга болот http://ukuk-jardam.gov.kg/ru:

Иштерди берүүнүн акыркы мөөнөтү-2020-жылдын 31-октябры саат 17.00го чейин. Конкурстун уюштуруучулары ММК тиешелүүлүгүнө жана автордукка шилтеме жасап, конкурска келип түшкөн материалдарды жарыялоо жана нускалоо укугун өздөрүнө калтырышат.

Конкурс БУУӨП жана Финляндиянын ТИМ “КРда укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн сот адилеттигине туруктуу жетүүмүмкүнчүлүгү” долбоорлорунун техникалык колдоосу менен өткөрүлөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости