www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Садыр Жапаров аткаминерлерди "атамбаевчи", "бакиевчи" жана башка топторго бөлбөөгө чакырды.

Маалымат жыйын учурунда журналисттер ИИМдин жаңы жетекчисинин Райым Матраимов менен байланышы бар экенин айтып, бул боюнча анын пикирин сурашты.

"Улан Ниязбеков 15 жылдан убакыттан бери ИИМ системасында иштеп келе жатат. Ал жаш кадр, ошол себептен тандадым. Бирок жамаатка тааныштырып жатканда убактылуу дайындалганын айттым. Өзүн көрсөтө алса калат, болбосо, алмаштырабыз. Матраимовдун, Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун кадрлары дейсиңер, келгиле, мындай сөздөрдү таштайлычы", — деди Жапаров.

Анын айтымында, "эгер адам чыныгы кесипкөй болсо, кимдики экени маанилүү эмес". Ошондой эле Жапаров адам билимдүү болсо, мурда кайсы президент менен иштегенине карабай кызматка отургузуу керек деген пикирин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости