www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына 2019-жылдын ичинде (январь–декабрь) келип түшкөн жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылдын 12 айы ичинде жалпы жарандардын 15305 (2018-жылдын 12 айы ичинде — 17827) кайрылуулары менен иш жүргүзүлдү, алардын ичинде:

— жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар — 11349 (2018-жылы — 14493);

— Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар — 1931 (2018-жылы — 1458);

— «Ишеним телефондору» жана кызматтык телефондор аркылуу кайрылган жарандар — 1181 (2018-жылы — 1196);

— Коомдук кабылдамаларга келип, маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган жарандар — 620 (2018-жылы — 503);

— Биринчи кыргыз радиосунун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн 15 «түз эфирлери» аркылуу кайрылган жарандар — 224 (2018-жылдын ушундай эле мезгилинде — 12 жана 177).

Талдоо көрсөтүп тургандай, ушул жылдын 12 айы ичинде келип түшкөн кайрылуулардын жалпы саны өткөн жылга салыштырмалуу 14,1%га, ал эми жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын саны 21,7% га азайган.

2019-жылдын 12 айында келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын ичинен эң көп кайрылуу Бишкек шаарынын тургундарынан келип түштү — 4 394 кайрылуу, андан кийин Чүй облусунан — 1865, Жалал-Абад облусунан — 1 385, Ысык-Көл облусунан — 850, Ош облусунан — 787, Ош шаарынан — 548, Нарын облусунан — 463, Баткен облусунан — 550, Талас облусунан — 217 КМШ жана башка өлкөлөрдөн 290 кайрылуу келип түшкөн.

Ошондой эле, бардык келип түшкөн 11 349 кайрылуулардын 1 584түн же 13,95%ын электрондук кайрылуулар түзгөн.

  1. Талдоо көрсөткөндөй, келип түшкөн кайрылуулардын көпчүлүгү сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу болду жана 4 826 кайрылууну же 42,5%ды түздү, алардын ичинде:

—           прокуратура органдарына тийиштүү маселелер боюнча — 1 982;

—           сот органдарына байланыштуу маселелер боюнча — 1 810;

—           ички иштер органдарына тийиштүү маселелер боюнча — 789;

—           финансы полициясына тийиштүү маселелер боюнча — 117;

—           улуттук коопсуздук органдарына тийиштүү маселелер боюнча — 86;

—           жаза аткаруу кызматына байланыштуу маселелер боюнча — 42.

  1. Андан кийин аткаруу бийлигинин компетенциясына тиешелүү кайрылуулар болду жана алардын саны 3007 кайрылууну же 26,5%ды түздү, алардын ичинде:

— социалдык кызматтын иши, пенсия, пособие, жеңилдиктер жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча — 585 кайрылуу;

— саламаттыкты сактоо маселелери боюнча — 372;

— билим берүү маселелери боюнча — 345;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына тийиштүү, ошондой эле Аппараттын, министрликтердин жана башка ведомстволордун иши боюнча — 374;

— курулуш, архитектура, транспорт жана байланыш маселелери боюнча — 272;

— мамлекеттик каттоо маселелери боюнча — 179;

— кредиттерди жоюу жана мөөнөтүн узартуу, кредиттерди берүү жана ссудаларды бөлүү (төмөнкү пайызда же пайызы жок) — 175;

— маданият маселелери боюнча — 147;

— эмгек, ишке жайгаштыруу, эмгек акы маселелери боюнча — 127;

— айыл-чарба жана өндүрүш маселелери боюнча — 117;

— экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо маселелери боюнча — 94;

— энергетика жана отун ресурстары маселелери боюнча — 72;

— мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери боюнча — 42;

— өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча — 24;

— туризм маселелери боюнча — 28 кайрылуу.

  1. Мындан тышкары жергиликтүү бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан кайрылуулар болду жана 1419 кайрылууну же 12,5% түздү, алардын ичинде:

— батир бөлүп берүү жана турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө — 518;

— жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө — 473;

— таза суу менен камсыз кылуу жөнүндө — 88;

— турак жай-коммуналдык маселелери жөнүндө — 55;

— автожолду куруу жана оңдоо маселелери жөнүндө — 15;

— мыйзамсыз орнотулган жеңил конструкциядагы курулуштарды бузуу жөнүндө — 11;

— жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына тийиштүү башка көйгөйлүү маселелер жөнүндө — 259 кайрылуу.

Президенттин жана анын Аппаратынынын атына келип түшкөн кайрылуулардагы маселелердин көпчүлүгү талдоо көрсөткөндөй жергиликтүү деңгээлде жергиликтүү бийлик тарабынан чечилчү маселелер жана Мамлекет башчысынын түздөн-түз кийлигишүүсүн талап кылбайт. Бирок, алардын иши канааттандыраарлык эмес болуп жаткандыктан, бул кемчиликтер жарандарын адилеттүү нааразычылыгын жаратып, алар аргасыздан Мамлекет башчысына кайрылып жатышкандыгын көрсөтөт.

  1. Мындан сырткары:

— мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча — 528 же 4,7%;

— коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук жана тышкы саясат маселелери боюнча — 334 же 2,9% кайрылуу келип түшкөн.

Жогорудагылар менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин атына каалоо-тилек, ыраазычылык жана башка өз оюн билдирген каттар менен 128 жаран, мааракеге, жолугушууга жана башка иш-чараларга чакыруу менен 20 жаран, анын кол тамгасы менен сүрөтүн сурап 20 чет өлкөлүк жаран, Жаңы жылга карата белек жана Президенттик балатыга чакыруу сурап 477 бала жана жеке кабыл алуусун сурап 268, Президенттин Аппаратынын жетекчилигинин кабыл алуусун сурап 152 жаран кайрылышкан.

Калган 170 жарандын кайрылууларында социалдык-экономикалык жана турмуштагы башка көйгөйлүү маселелер камтылган.

Президенттин Аппаратына келип түшкөн бардык жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын 5 224ү же 46% жарандардын кайрылуулар менен иштөө бөлүмү, ал эми калган 6 125и же 54% Президенттин Аппаратынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү аркылуу каралды.

Бардык жазуу жүзүндө (электрондук) келип түшкөн 11 349 кайрылуулардын 8 643ү көзөмөлгө алынды, алардын 7814ү аткарылды, калган 829у мөөнөттөрүнө ылайык аткарылууда.

Жыйынтыгында, көзөмөлгө алынып аткарылган кайрылуудан 264ү толук жана 309у жарым-жартылай канааттандырылган, 392 кайрылуудагы өтүнүчтөр четке кагылып, 6734 жаранга кайрылууларда көтөрүлгөн маселелери боюнча мыйзам чегинде түшүндүрмөлөр берилген.

Калган 2 547 кайрылуу маселелеринин тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу, сот жана укук коргоо органдарынын кароолоруна жиберилип, жыйынтыктары боюнча жарандарга тийиштүү жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү берүү иштери жүргүзүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости