www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Тынчтык Ураимович, айрым коллегаларыңыз ЖМКлардан терс мазмундагы маалыматтарды берүүгө тыюу салууну сунушташууда. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

- Бул мындай да, маалымат оң же терс мазмунда экенинде маселе жок. Ал кандай болсо да далилдүү болууга тийиш. Мисалы, терс мазмундагы маалымат болсо деле бирок, далилдери менен болсо, бул дагы пайдалуу нерсе. Анан жөндөн-жөн эле «жаман-жаман» дей берген да туура эмес. Себеби, биз мамлекетпиз, БУУга мүчөбүз. Бизди сырттан карап турушат да. Туура, мактап эле «баары жакшы» дебеш керек. Көйгөйлөрдү айтыш керек. Бирок, негиздүү түрдө, аргументтеп, далил менен. Жалпы жонунан, оң дагы, терс дагы маалыматтар берилиши керек. «Токтоткула, бир жактуу мактагыла» деген туура эмес болот.

- Ушу күндөрдө Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөт башчысынын Бириккен Араб Эмираттарындагы эс алуусу чоң талкууга түшүп жатат. Сиз анын жүрүм-турумун кандай баалайсыз?

- Мен мыйзам талаасында сүйлөйүн. Менин билишимче, ал эс алууда экен. Эмгек өргүүсүндө жүргөн болсо, мыйзамды бузбаса, калганы бүт анын абийиринде. Анан ал туурабы, туура эмеспи, бул аябай субъективдүү момент да.

- Бирок, моралдык жагычы? Айыл өкмөт башчысынын айлыгы канча экенин билебиз да...

- Ал айтып атпайбы, «досум конокко чакырды» деп. Эгер мыйзамсыз байыганы аныкталган болсо, анда башка кеп. Далил болуш керек да. Бул өтө щепетильный маселе. Бирөөнүн үй-бүлөсү, ким кайсы жерде эс алып жатканы тууралуу айткандан мен өзүмдү тартам да. Жумуш болсо башка кеп эле.

Керим МУРАС

Булак: “АЗИЯnews”


 

 

Последние новости