www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ханзаада Гарри менен Меган Маркл кызматтан кетип жатышканы жана таажы тарабынан берилген колдоодон баш тарта тургандыгы тууралуу маалымат коомчулукта катуу талкууга түштү. Герцогдор жаңылыктарда жана телекөрсөтүүлөрдө талкуунун негизги темасы болуп калышты.Элдер алардын кылган ишин баалап жана ага комментарий берүүнү улантып жатышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.  

Кээ бирөөлөр алардын “эркин сүзүү” чечимин “жакшылык билбеген” жубайлар деп айыптап жатышат. Башкалар Меган Марклды сындап, ал жолдошун үй-бүлөсүнөн алыстатып, жашоосун бузуп жатат деген пикирлерди жаратууда. Бул ойдун тарапташтары Меган Марклды кызматты өзү эле таштап, күйөсүн кошо алып кетпе деп “кеңеш” беришүүдө.

Бирок, герцогдордун чечимин колдогондор да бар. Энди Коэндин радиошоусунда Хью Грант ханзааданын королдук үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттеринен кутулуу чечимин колдоду.

“Мен Гарринин тарабындамын. Биринчи таблоиддер чынында анын энесин өлтүрүп салышты, ал эми азыр анын аялын бир нече бөлүккө бөлүп жатышат”,-дейт актер. Ал ханбийке Диананын журналиттер аркасынан кууп бараткан убакта жол кырсыгына кабалып, каза болгонун эскерди. Ханзаада Гарри апасы каза болгон убакта 12 жашта болчу.

“Мен анын эркек катары милдети үй-бүлөсүн коргош керек деп эсептейм. Ошон үчүн мен аны колдойм”,- деп Хью кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости