www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылычбек Султанов Бишкекке Гонконг шаарынан учуп келген кызды карантинге киргизишпегенин көргөн. Ал  Фейсбук  баракчасына Алматы аркылуу транзит менен Кыргызстанга учуп келгени тууралуу  жазып чыкты.

"Биздин учак Алматыга конгондон кийин жүргүнчүлөрдүн бирин дагы кабинадан чыгарышкан жок. Ар бир жүргүнчүнү атайын жабдылган медициналык адис текшерип, ошондон кийин гана чыгарышты.

Бишкектин аба майданында болсо бардыгыбыз дароо эле чыгып кеттик. Траптын жанында мурдагыдай эле аэропорттун бир нече кызматкери туруптур.

Жүздөгөн жүргүнчүлөр алардын жанынан "микробдору менен алмашып» туруп өтүп кетишти. Андан соң бул жүргүнчүлөр биринчи кабатка түшүп, ВИП-чимкириктерди, түкүрүктөрдү, капчыктарды, токолдорду жана айрым татыктуу аткаминерлерди тосуп турган костюм-шымчан жигиттердин жанынан басып кетишти.

Бул ВИП-кызмат менен жүздөгөн жүргүнчүлөрдүн ортосунда "кымбат баалуу микробор менен» табигый алмашуусу болуп өттү. Ошондон кийин гана, чек ара көзөмөл залына жеткенде анан тепловизорчон эки "инопланетянин" бир секундада бир нече адамды текшерип баштады..

P.S. Сиздер дагы эле Кыргызстанда COVID-19 коронавирусу жок дегенге ишенип жатасыздарбы?", - деп жазган Кылычбек Султан».

Мындан тышкары, ал Казакстанга учкан жүргүнчүлөргө алар казак өлкөсүндө жашай турган жердин дарегин жана байланыш маалыматтарды жазууга милдеттендирген анкеталарды таратышканын айткан. Бишкекке келгендерге мындай анкеталар берилген эмес.

"Казакстанда кээ бир мамлекеттен келгендерди милдеттүү түрдө 14 күндүк карантинге киргизишет экен. Мындай өлкөлөрдөн онго жакын экен, алардын арасында Гонконг да бар.

Бишкекке учкан самолеттун ичинде Гонконгдон келе жаткан жүргүнчү бар болчу. Мен аны Бишкектен карантинге киргизишет го деп божомолдогом. Бирок, ал тез эле чек ара көзөмөлүнөн өтүп, багажын алып, Караколго жөнөп кеткенин көрүп таң калдым", - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости