www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети төраганын орун басары Исалиев Кошой Овосбекович 63 жаш курагында эки тараптуу пневмониянын натыйжасында каза болгонун терең кайгыруу менен кабарлайт.

Кошой Исалиев статистика органдарында эмгек жолун 1999-жылы Чүй-Токмок мамлекеттик статистиканын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси катары баштаган. Ал 1999-жылы өткөн Биринчи улуттук эл каттоо, 2009-жылкы эл жана турак жай каттоо сыяктуу ири масштабдуу иш чараларды жетектеген, ошондой эле 2002-2003-жылдары жүргүзүлгөн Биринчи айыл чарбалык каттоонун башында туруп, анын жыйынтыгында Чүй-Токмок мамлекеттик статистиканын аймактык бөлүмү республика боюнча биринчи орунду алган.

2013-жылы Кошой Овосбекович Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Башкы эсептөө борборунун башчысы болуп дайындалса, 2014-жылы – мамлекеттик статистиканын Бишкек шаардык башкармалыгын жетектеген.

2019-жылдын февраль айында Кошой Исалиев Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Ал республиканын аймагында 2020-жылы белгиленген эл жана турак жай каттоо тармагын көзөмөлдөп, даярдык иштерине чоң салымын кошкон.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын статистика тармагынын отличниги.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин эмгек жамааты маркумдун туугандары менен жакындарынын ыйын тең бөлүшүп, терең кайгыруусун билдирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости