www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Крымда бензиндин баасы 200 рублга чейин жетти

Севастополь шаарындагы май куюучу жайларда бензиндин орточо баасы литрине 199 рублга чейин көтөрүлдү.

Ал эми Крымдын жалпы аймагында күйүүчү майдын баасы 185–200 рубль аралыгында болуп жатканын “Коммерсантъ” басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарым аралда күйүүчү май менен камсыздоо чынжырларындагы үзгүлтүктөрдөн улам тартыштык күчөп, май куюучу жайларда катуу чектөөлөр киргизилген. Атап айтканда, жеке жактар үчүн бир жолку куюуда 20 литрден ашык бензин алууга тыюу салынган.

Севастополдо болсо күйүүчү май QR-код аркылуу гана берилүүдө. Бул коддор мамлекеттик “Мах” мессенжери аркылуу таркатылары айтылууда.

Басылма белгилегендей, айрым май куюучу жайлар күйүүчү майды алдын ала эскертүүсүз кыска мөөнөткө гана сатууга ачып, бааларды электрондук такталарга чыгарбай калууда.

Натыйжада жарандар узун кезектерде сааттап турууга мажбур болууда.

Ошондой эле кара базарда жана ортомчулар аркылуу бензиндин баасы 250–400 рублга чейин жеткени кабарланды.

Последние новости