www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Google” Европа Биримдигинде 4,1 миллиард евро өлчөмүндөгү антимонополиялык айып пул боюнча сот процессинде утулуп калды.
Бул тууралуу “Bloomberg” басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, Европа Биримдигинин жогорку сот органы “Google” компаниясынын Европалык комиссия тарабынан салынган айып пулга каршы апелляциясын четке какты.
Соттун чечимине ылайык, компания Android операциялык тутумуна байланыштуу рынокто үстөмдүк абалын кыянаттык менен колдонгон деп табылды жана 4,1 миллиард евро өлчөмүндөгү айып пул мыйзамдуу деп таанылды.
Чечимде “Google” жана анын башкы компаниясы “Alphabet”тин даттануусу канааттандырылбай, Европа Комиссиясынын чечими күчүндө калганы көрсөтүлгөн.
Бул чечим 2018-жылдан бери уланып келе жаткан укуктук күрөштө Европа Биримдигинин жөнгө салуучу органдары үчүн маанилүү жеңиш катары бааланууда.