www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп коммунизмди өлкөсү үчүн эң чоң коркунучтардын бири деп атап, АКШ эч качан коммунисттик мамлекет болуп калбай турганын билдирди.

Ал коммунизмден келип чыккан коркунучту Биринчи дүйнөлүк согуш, Экинчи дүйнөлүк согуш, Перл-Харборго кол салуу жана 11-сентябрдагы террордук чабуулдар менен салыштырып, андан да олуттуу болушу мүмкүн экенин белгиледи.

 - Бул биздин өлкө үчүн эң чоң коркунуч. Менимче, бул мен айткан бардык окуялардан да олуттуу болушу мүмкүн. Анткени бул жайылып бараткан рак шишигине окшош жана аны мүмкүн болушунча тез токтотуу керек, - деди Трамп.

АКШ президенти өлкө эч качан коммунисттик мамлекетке айланбай турганын өзгөчө баса белгиледи.

«Биз Америка Кошмо Штаттары эч качан коммунисттик өлкө болушуна жол бербейбиз», - деп кошумчалады Дональд Трамп.

Последние новости