www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия аннексиялап алган жарым аралда татарларга басым күчөгөнүн Крым татарларынын межлисинин төрагасы Рефат Чубаров билдирди.

“Саясий тутукундар, башкача айтканда темир тор артында отургандар же соттун өкүмү менен Крымда ээн-эркин жүрүү укугу чектелгендердин саны 60тан ашуун. Ал эми акчалай айыппул салынгандар жүздөп саналат” – деди Чубаров.

«Ата-энеси абакка кесилгендиктен, тирүүлөй жетим калган балдар жүздөн ашуун. Аларга жардам керек» - деп кошумчалады межилистин төрагасы.

Крым татарларынын ресурстук борбору жүргүзгөн мониторингге караганда жергиликтүү соттор 2017-жылы 100дөн ашуун кишиге беш миллион рублдан “мыйзамсыз айыппул салган”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости