www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясат таануучу Орозбек Молдалиев маалымат булактарынын бирине КСДП партиясы саясий кризиске учураганын билдирген.  «КСДП азыр кризиске учурады. Бул саясий кризис. 31-марттагы өткөргөн курултайында бир топ делегаттары чыгып кетишти. Демек, КСДП түштүк канатын жоготуп койду десек болот. Башка региондордо деле позициялары начар. Мисалы, Таласта позициясы деле жок. Ошондуктан булар азыр ушул кырдаалдан кантип чыгабыз деп ойлонуш керек. Бийликте отургандары саналуу мезгилден кийин акырындык менен эле четтетиле баштайт. Бул бийликтин мыйзамы. Анткени ажырым бар экени ачыкка чыкты. Ал мурда деле айтылып келсе, эми ачыкка чыкты», - дейт ал.

Орозбек Молдалиев КСДП партиясы сырттан күнөөлүү издебей, эми өзүнүн ичинен реорганизация жасашы керек экендигин да айтат. «2010-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата-Мекен» партиясы араң келгенде, мен Равшан Жээнбековго айткам: «Партияны реорганизация кылыш керек» деп. Бирок, аны алар жасабай коюшту. Андыктан эми КСДП да сырттан күнөөлүү издебей, өздөрүн ичинен реорганизация кылышы керек. Мындай көрүнүш партияларда болуп келе турган көрүнүш», - дейт ал.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости