www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-майда, КСДП партиясынын саясий кеңеши жыйын куруп, президенттикке талапкерин тандады. Бул тууралуу 5news.kg маалымат порталына Жогорку Кеңеш депутаты Осмонбек Артыкбаев билдирди.
Анын айтымында саясий кеңештин мүчөлөрү учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине токтолушту.
"Алты-жети талапкердин ичинен Сооронбай Шарипович Жээнбековду президенттикке жылдырууну туура таптык",-деди ал.
Эскерте кетсек, буга чейин бир катар пратиялар; "Республика-Ата Журт" Өмүрбек Бабановду, "Өнүгүү-Прогресс" Бакыт Төрөбаевди, "Ак Шумкар" Темир Сариевди талапкер катары жарыялашкан. Президент Алмазбек Атамбаевдин кызмат мөөнөтү быйыл аяктап, ушул күздө шайлоо өткөнү турат.
ЖЭЭНБЕКОВ Сооронбай Шарипович
1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган.
К.П. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн, адистиги – зооинженер, бухгалтер.
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.
Эмгек жолун 1976-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1977-жылдын июнь айынан 1983-жылдын ноябрь айына чейин – К.П. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда студент.
1983-жылдын ноябрынан 1988-жылдын ноябрь айына чейин – Ош облусунун Совет районундагы “Совет” совхозунда башкы зоотехник.
1988-жылдын ноябрынан 1989-жылдын август айына чейин – Ош облусунун Совет районундагы Кыргызстан Компартиясынын Совет райкомунун инструктору.
1989-жылдын августунан 1993-жылдын сентябрына чейин – Ош облусунун Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы, директору.
1993-жылдын сентябрынан 1995-жылдын май айына чейин – Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол колхозунун башкармасы, башкармалык төрагасы.
1995-жылдын май айынан 2000-жылдын апрель айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын агрардык саясат комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы.
2000-жылдын апрель айынан 2005-жылдын мартына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басары.
2005-жылдын март айынан 2006-жылдын декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агроөнөржай комплекси жана экология боюнча комитети, депутат, төрага.
2006-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын май айына чейин — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат боюнча комитети, төрагасы.
2007-жылдын май айынан декабрына чейин – Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри.
2008-жылдын январь айынан 2010-жылдын апрель айына чейин – жеке ишкер.
2010-жылдын апрель айынан 2012-жылдын август айына чейин – Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернаторунун милдетин аткаруучу.
2012-жылдын август айынан 2015-жылдын декабрь айына чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
2015-жылдын декабрь айынан 2016-жылдын март айына чейин – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору.
2016-жылдын 23-мартынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары.
2016-жылдын апрель айынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.
III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган (2015-ж.).