www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президентти тандоо-ошол мамлекеттин келечегин тандоо менен барабар. Андыктан октябрь айында өтө турган президенттик шайлоо – ушул жылдын эң негизги темасы болуп туру. Албетте, ажолукка ат салышууну көздөгөндөр көп. Алардын ар биринин өз деңгээли, өз тажрыйбасы жана коомдо өз орду бар. Бирок, өлкөбүздөгү бараандуу партия болуп саналган КСДПнын талапкери коомчулук үчүн өтө маанилүү болуп саналарын айта кетишибиз керек. КСДПнын саясый кеңеши 17-майда партиянын атынан президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер катары учурдагы өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековду тандашканы маалым.
Ага чейин аталган партиянын ичинде да бир катар саясатчылардын ысымдары талапкер болушу мүмкүн деп аталып келди. Маселен, парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун, ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбековдун ысымдары аталды. Ошол эле убакта жаш кадр болуп саналган, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун да ысымсы алдыңкы катарда аталып келди. Бул ысымдары аталган инсандардын коомубузда, мамлекеттик иштерде өздөрүнүн ээлеген татыктуу орундары бар. Өзгөчө Сапар Исаков да өзүн мыкты жетекчи катары көрсөтө алды.
Бирок, азырынча анын жаш экендигине басм жасап келгендер болду. Кыргызда жакшы сө бар: «Жаш келсе ишке» деген, анын сыңары Сапар Жумакадырович өзүнүн дараметин дагы көрсөтүп, жогорку мамлекеттик кызматтарда такшалууга чоң мүмкүнчүлүгү бар. Анын келечеги али алдыда экендигинен талаш жок. Муну ал өзү да туура түшүнүп, алдыда боло турган президенттик шайлоодо а салышпай тургандыгын маалымат булактары аркылуу билдирген. Жогоруда айткандай, КСДП бирдиктүү талапкер катары Сооронбай Жээнбековду тандады.
Бул тандоо – абдан туура тандоо болгонун бир катар коомдук ишмерлер, эксперттер, саясатчылар айтып чыгышты. Карапайым кыргызстандыктар да Сооронбай Жээнбековго терең ишеним арта алыша турганын билдирип келишет. Сооронбай мырза бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик бардык кызмат тепкичтерин басып келди. Демек, зор тажрыйбага ээ. Адегенде Ош облусунун Өзгөн районундагы орто мектепте мугалим болуп эмгек жолун баштаган С. Жээнбеков улам бир тепкичке көтөрүлүп, колхоз-совхоздордо зоотехник, башкы зоотехник, директор, партиялык комитеттин катчысы сыяктуу кызматтарды аркалаган. Андан соң, 1995-жылы Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын депутаты болуп шайланып, элдин колдоосуна ээ болгон.
Ошол эле учурда Жогорку Кеңештеги агрардык маселелер боюнча комитеттин төрага орун басарлыгын, андан соң төрагалыгын да аркалаган. 2000-2005-жылдары да ЖК депутаты болуп, Төраганын орун басарлыгын ээлеген. 2007-жылдын 3-апрелинен 24- октябрына чейин Айыл-чарба, суу чарбачылыгы жана кайра иштетүүчү өнөр-жай министри болгон. Кийин ошол убактагы президенти Курманбек Бакиевдин режими менен макул эместгин билдирип, мамлекеттик кызматтан кеткен. Ошентип, 2010-жыдын Апрель революциясына чейин жеке ишкерлик менен алектенген.
Андан соң дээрлик беш жыл бою Ош облусунун губернатору болуп турду. Бул кызматта аркалап турганда 2010-жылдагы июнь коогалаңын жалындатпай басып калууга өзүнүн чоң салымын кошкону белгилүү. Андан кийин Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси, Президенттик Аппраттын башчысынын биринчи орун басары кызматтарын аркалады. 2016-жылдын 13-апрелинен бери КР премьер-министри кызматын татыктуу аркалап келет. Анын 2016-жылга карата берген отчету Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан жалпы колдоого алынганы белгилүү.
Эң башкысы, Сооронбай мырза жасап аткан иштерин пиар кылбай, унчукпай гана иштесе боло турганын далилдеген жетекчи болгонуменен айырмаланды. Ал өкмөттү жетектеп турган убакыттан бери кыргыз экономикасында кадимкидей өсүш байкалды. Коңшу мамлкеттер менен да мамилелер жакшырганын айта кетишибиз парз. Акыркы маалыматтарга караганда кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоо, демаркациялоо иштери аягына чыгайын деп калды.
Сооронбай Жээнбеков дайыма эл менен, эл ичинде жүргөндү жактырган инсан. Андыктан ага карапайым элдин жашоо-шарты кандай экендиги толук маалым. Мамлекет башчысы болом деген адам үчүн бул касиет өтө маанилүү. Андыктан алдыда өз келечегибизди, мамлекет келечегин тандоо турат. Туура тандоо – бул өз келечегибиздин камын көргөндүк болуп саналат.
Булак: "Багыт.kg"