www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДП жаңы лидерин "ыргыта" тебеби?

«КСДП экиге бөлүнүп калган жок, Атамбаевди ашып кетсе ончакты мүчө колдойт, партия анын менчиги эмес» деген мурунку Чүй губернатору Сагынбек Абдрахманов башка ветеран партиялаштарын уюштуруп, азыркы учурда Саясий кеңеш мүчөлөрүнүн эшиктерин каккылап, тез арада жаңы кезексиз съезд чакырылышын талап кылууда.

Жоон топ депутаттар макул деле болуп атыптыр. Партия уставы боюнча съезд чакыруу эрежелерин атайын татаалдаштырып, чиймелектетип коюптур Атамбаев.

Бирок С.Абдрахманов «биз баары бир съездди  өткөзөбүз, алты дубандын парт.уюмдары колдошот, Атамбаевдин менчиги эмес, биздин балдар кан төккөн, анан биз кол шилтеп отурмак белек» дейт. Көк-Жар, Беш-Күнгөй, Арашан айылдарынын аксакалдарынын батасын алган С.Абдрахманов «КСДП большевик-меньшевик болуп бөлүнүүгө негиз жок, партиянын он миңдеген мүчөлөрү азыркы учурда акыркы жети жылдын ичинде коррупцияга жол ачкан ТЭЦ же Жерүй сыяктуу кылмыштардын аягына чейин иликтелишин талап кылууда» дейт.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости