www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мен кече КСДП фракциясынын депутаты Карамушкина менен «Фейсбук» аркылуу жазышып калдым. Мен ал кишиге бир кеңеш бердим, азыр КСДП өкмөттөгү болгон кадрларынын баарын алып кетиши керек. Алып кетип, штабга алып барып отургузуп, анан конструктивдүү оппозицияга өтүшү керек. Ошондо гана эмики парламенттик шайлоодо күчтүү, конструктивдүү оппозициядагы партияга айланат.
Мен Карамушкинага айттым: «Силер кимди сындайсыңар? Азыр президентти сындасаңар деле кайып барып өзүңөрдүн кадрыңарга тийет» дедим. Ошондуктан булар «КСДП оппозицияга өттү» деп туруп, баардык кадрларын алып кетиши керек. Ошондо Сооронбай Шариповичке дагы өз командасын түзгөнгө жеңил болот эле.
Парламенттик өлкөлөрдө мына ушундай жол менен өнүгүп келатышат. Эски бийлик толугу менен өз командасы менен кетет. Жаңы бийлик толугу менен өз командасы менен келет. Алар конструктивдүү оппозицияга өтүп алып, кийинки шайлоого даярдана баштайт.
Эгерде Алмаз Шаршенович башында турган КСДП ушундай кадамды жасаса, анда алар парламентаризмдин да өнүгүшүнө чоң салым кошот эле. Эгерде «шпион» катары жүрө бергиле, биз дагы бул жактан шыкактап туралы дешсе, анда бул таза саясат болбойт», - дейт А. Акматалиев.
Булак: NazarNews.kg