www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДП партиясынын мүчөлөрү президенттикке талапкер болом деп төш кага башташты. КСДП партиясынын ички абалы жакшы эмес экендигин өздүк булактар кабарлады.

Маалыматка таянсак, 15­июнга белгиленген партиянын съезди болбой калышынын себеби президенттикке талапкерликти партия мүчөлөрү талашып атышкандыгында экен. Аталган партия премьер­министр Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары көрсөткөнүн расмий жарыялаган.

Бирок, бул саналуу адамдардын гана чечими болгондуктан, партиянын айрым мүчөлөрүнө жакпай, андан улам пикир келишпестик орун ала баштаптыр. Жакында ушул эле партиянын бир катар активисттери коомдук ишмер Сагынбек Абдрахмановду талапкерликке көрсөтүшөөрү белгилүү болгон.

Коомдук ишмер берген маегинде «эски» ксдпчылар анын талапкерлигин сунуштаганын, бул жарыя болоору менен Акүйдөн телефон чалгандар көбөйүп, «сүйлөшөлү» дешип атышканын белгилеген. Андан тышкары, спикер Чыныбай Турсунбековдун да талапкер болуу ниети бардыгы айтылууда. Амбициясы башынан ашкандар Сооронбай Жээнбековдун көрсөтүлүшүн жактырбай, бир пикирге келе алышпай турган чактары. Мындан улам партиянын 15­июнда болчу съезди алгач 19­июнга жылган.

Эми августтун баш ченине калтырылганы маалым болду. Бирдиктүү болуп, бир талапкердин айланасына топтолушканча, съезд өткөрүү мүмкүн эмес да.

Булак: Саясат.кж

Последние новости