www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жылдагы Кыргызстандын башкы саясий окуясы – президенттик шайлоо жакындап келатат. Шайлоого болгону бир нече ай калды, бирок, алиге чейин саясаттагы күч келечекте кандай жайгашаарын -аңдап билүү кыйын.

Акыркы убактарда гана болжолдуу көрүнүшү айкын болгонсуп, аны менен катар бийликтин бул жаатта планы бардыгы ачыкка чыкты. План татаал: КСДПдан талапкер катары учурдун премьер-министри Сооронбай Жээнбеков чыгаары жарыяланса да, социал-демократтар чыныгы бийликти такыр башка адамга берүүнү каалашат. Анда, баарына кезеги менен токтололу. Партия кимге токтолбосун КСДПнын талапкери мамлекет башчылыгына башкы талапкер болоору анык. КСДП – учурдагы президенттин чүрпөсү, анын өлкө парламентиндеги гана эмес, жергиликтүү кеңештердеги көпчүлүк мандатты алганын эске салсак, анда басымдуу калктын колдоосуна ээ деп жыйынтык чыгарууга болот. Ошондуктан, партия масштабына таянып гана анча белгилүү эмес, саясат чөйрөсүндө абройго жетишпеген Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүүгө батына алышты. Жакынкы убакка чейин аны саясатчы деп айтуу да кыйын болчу, ал – чарбачыл инсан.

Бирок, анын башкы артыкчылыгы бар. Бул – башкаруудагы, же саясаттагы таланты эмес, жердиги, ата-теги. Жээнбеков – Ош облусунун кулуну, Ош өз кезегинде өлкөнүн көп калк жашаган аймагына кирет. Баамга салганда, бул жерде басым аймактык факторго -жердешчилик жана мамлекетибизди түштүк-түндүккө бөлүүгө жасалууда. Тилекке каршы, мындай бөлүнүүчүлүк актуалдуулугун жогото элек.

Демек, Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүүдөгү бардык үмүт түштүк аймагынын калкынын мыкты талапкер болбосо да, “өзүбүздүн жердешибизди шайлайлы” деген тыянагына байланып турат. Ушул жерден Жээнбеков өздүгүнө токтоло кетүү туурадыр. Өкмөт башчы – Шарип Жээнбековдун чоң үй-бүлөсүндөгү үчүнчү уулу. Анын үй-бүлөсү – өлкөнүн түштүгүндөгү башкы клан. Агасы Жусупжан Шарипов Кыргызстандын Кувейттеги элчиси болуп эмгектенет. Дагы бир иниси Асылбек Жээнбеков парламенттин экс- спикери. Дагы бир бир тууганы Жыргалбек Жээнбеков кичи мекенинде жашайт. 2010-жылдан кийин Сооронбай Жээнбеков Ош облусун беш жыл жетектеди. Бул үй-бүлө түштүктү дээрлик башкарууга алышкан, журналисттер кез-кези менен облустун ар кайсы мамлекеттик маанилүү кызматтарын ээлеп турган аткаминерлердин Жээнбековдорго тууганчылык жана куда-сөөктүк байланышы бардыгын казып, жазып турушат. Ошондуктан, акыйкат чоочулоо пайда болот – биз Кыргызстанда үй-бүлөлүк -кландык башкаруу соңуна чыкты деген жар салууну көп жолу укпадык беле? А азыр мындай башкарууга кайрадан жаңы өмүр бере турган адамды президенттикке талапкерликке көрсөтүп атышабы? Өлкө жетекчилигин, анын катарында бийлик партиясынын катарындагы айрымдарды да кыязы, бул нерсе тынчсыздандырууда. Түштүк кланынын колуна бийлкти карматууга эч ким даяр эмес. Ошондуктан, көшөгө артында учурдагы президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковго багытталган пландар жөнүндө каңшаар кептер жүрүп атат. Исаков поезиденттик шайлоого катышпай турганын жарыялаганда, көпчүлүк аны эсептен алып коюшкан окшойт деген ойго кептелген. Бирок, ага сөзсүз эле президент болуу зарыл эмес.

Ушул жерден өткөн жылы өлкөнүн Конституциясына бир катар өзгөртүү киргизген референдумду эске салалы. Андагы өзгөртүүлөрдүн мааниси эми гана ачыкка чыгат. Жөнөкөй тил менен айтканда, өлкөнүн жаңы башкы мыйзамы президенттин ыйгарым укуктарын азайтып, премьер-министрдикин көбөйттү.

Демек, мындан ары мамлекеттеги бийликтин салмагы премьер-министрге түшөт. Аны басымдуу бөлүгүндө КСДП отурган Жогорку Кеңеш дайындаарын эске алсак, аталган партия тандаган кадр кандай болбосун өкмөт башчылыгына отураарына шек жок. Ушинтип, биз бийлик планынын маңызына жете келдик – Сооронбай Жээнбековду түштүк калкынын добушун алууга пайдаланып, шайлоодон кийин куру кол калтырышып, бийликтин баарын жаш Сапар Исаковго өткөрүшөт.

Мындай божомолдун чындыгын акыркы убактарда болуп аткан окуялар тастыктап тургансыйт. Исаков Жээнбеков менен тең катар өзүн өзү пиарлап баштады. “Таза коом” долбоору так ушул багытты баштанды – бул атын чыгарууга гана жасалган далалат, андан башка эч нерсе жок. Шайлоого бир нече калганда мындай масштабдуу долбоорду бир тыйын каражатсыз нөлдөн баштоо алаңгазарлык эмес эмне? А эгер бул жаңы оюнчуну алдыдагы саясий алмашууга аралаштырууга кошу үчүн жасалган аракет болсо, анда түшүнүктүү. Жээнбеков жана Исаков планынын рокировкасындагы көйгөй бирөө – ал аны ишке ашыруу. Түштүк кланы жаш жана тажрыйбасыз түндүктүк жигитке бийликти оңой-олтоң бере коёбу? Ооба деп жооп берүү кыйын. Булар тажрыйбалуу, жылдар менен кошо тамырын кенен жайган көрөгөч саясатчылар. Бийлик алардын колуна тийгенден кийин баш тартышмак беле?

Мындай кырдаалдын арты кандай болоорун элестетүү да коркунучтуу. Исаков, албетте, келечектүү адис, бирок, саясий күчтү бириктирүүдө эч кандай тажрыйбасы жок. Ушул акыбалында премьер-министр болуп калса, тараптарды компромисске келтирүүгө дарамети жетеби? Биздин өлкө үчүн дайыма аймактык бөлүнүү көйгөйгө айланып келген, күчтүү бирдиктүү лидер жокто түштүк менен түндүк кландары тиреше баштаса, анын акыры эмнеге жетээрин ойлогондон жүрөк зырпылдайт. Бир тарапта – кудуреттүү туугандарынын таасирине оңой алдырчу алсыз Сооронбай Жээнбеков, а экинчи тарапта – саясаттагы салмактуулардын тебелендисинде кала тургандай жаш, “жашыл” Сапар Исаков. План өтө деле начар эместей сыяктанат. Бир гана аталган адамдар бул план үчүн ылайык келишпейт.

Балким, дагы өзгөртүшөттүр. Мындай кыйытманы биз КСДПнын саясий кеңешинин төрага орун басарын алмаштырган акыркы жыйынында алдык. Төрага орун басарлыкты алты жылдан бери ээлеп келген Чыныбай Турсунбековдун ордуна президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов дайындалды. Кыязы, Турсунбеков бул жылдын башкы окуясы болчу президенттик шайлоого кайсы бир образ менен катышат окшойт. Ал Жээнбековго караганда, саясатта да, күчтөрдү бириктирүү планында да бир топ тажрыйбалуу экенин белгилей кетиш керек. Парламент спикери демек, болочоктун премьер-министри болушу мүмкүн делген Сапар Исаковго да жетишпей аткан сапаттарга ээ.

Карема Жакшылыкова

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости