www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ички иштер министрлигинде кайрадан суракка алынып жатканын Kaktus.media сайты өз булактарына таянып жазды.

Бүгүн, 29-апрелде саат 15:00дө Ташиев, Зулушев жана Тургунбек уулу саат  Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына келишкен.

Булактар алар дагы эле Башкы тергөө башкармалыгынын имаратында көрсөтмө берип жатышканын билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аларга бүгүн айып тагылышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулу ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында суракка алынганы кабарланган. Сурак бир нече саатка созулуп, андан кийин үчөө тең ИИМдин имаратынан чыгып кетишкен.

Адвокат Шердор Абдыкапаров Нурланбек Тургунбек уулуна, Камчыбек Ташиевге, Курманкул Зулушевге "бийликти басып алуу" беренеси боюнча айып тагылганын социалдык тармактагы баракчасында билдирген.

Бирок кийинчерээк адвокат Kaktus.media басылмасына берген комментарийинде бул маалыматты так эмес айтканын билдирип, видеону өчүргөнүн белгиледи.

“Расмий түрдө айып коюлган жок. Мурдагы саясатчыларды бул иштин алкагында суракка чакырышты, келечекте ушундай айыптар коюлушу мүмкүн”, - деп түшүндүрдү ал.

Андан көп өтпөй Камчыбек Ташиев кайрылуу жасап, ага каршы кылмыш иши козголгонун ырастаган.

“Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат", - деген Ташиев.

Последние новости