www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Ташиевке мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылды деген айып тагылганы туурасында адвокат Шердор Абдыкапаров социалдык тармактагы баракчасында билдирген эле.
Анын айтымында, мурдагы УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге, экс-депутат Курманкул Зулушевге жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу (Нурланбек Шакиев) расмий айып коюлган. Ал үчөөнө тең буга чейин башка фигуранттарга колдонулган беренелер окулганы айтылган.
Бирок кийинчерээк адвокат Kaktus.media басылмасына берген комментарийинде бул маалыматты так эмес айтканын билдирип, видеону өчүргөнүн белгиледи.
“Расмий түрдө айып коюлган жок. Мурдагы саясатчыларды бул иштин алкагында суракка чакырышты, келечекте ушундай айыптар коюлушу мүмкүн”, - деп түшүндүрдү ал.
Маалым болгондой, жогоруда аты аталгандар Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында бир нече саат суракта болушуп, андан кийин мекемеден чыгып кетишкен.
Азырынча айыптын мазмуну жана тергөөнүн жүрүшү расмий ачыктала элек. Күч түзүмдөрүндөгү булактарга ылайык, иликтөө “75тин каты” деп аталган окуяга байланыштуу.
Эске салсак, 9-февралда 75 адам Садыр Жапаровго жана ошол кездеги ЖК төрагасына кайрылып, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү сунушу менен ачык кат жолдошкон.
Андан кийин Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди кызматынан бошотуп, УКМКда реорганизация жүргүзгөн. Ташиев кызматтан кеткен соң, анын айланасындагы бир катар жогорку кызматтагы чиновниктер да иштен алынган. Ошондой эле чуу фонунда Нурланбек Тургунбек уулу төрагалык кызматын жана депутаттык мандатын тапшырган.
Жапаровдун айтымында, Ташиев бул катка кол койгондор менен жолукпаганын билдирген. Бирок президент ага мындан ары мамлекеттик кызмат берилбей турганын айткан.
Ал эми Конституциялык сот президенттин кайрылуусун карап чыгып, президенттик шайлоо мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө — 2027-жылдын январында өтүшү керек деген түшүндүрмө берген.
Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, “75тин катына” кол койгондордун айрымдары камакка алынган. Алар Кыргызстанда массалык башаламандыктарды уюштурууга айыпталууда.