www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Нинбо шаарында өткөн ШКУнун “Жашыл жана туруктуу өнүгүү” форумуна катышты.

Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасы туруктуу жана “жашыл” өнүгүү моделине өтүүгө өзгөчө маани берээрин белгиледи. Табигый байлыкка ээ Кыргызстан экологиялык туруктуулукту узак мөөнөттүү экономикалык өсүштүн маанилүү негизи катары эсептейт.

Иш сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Кытай Эл саясий консультативдик конференциясынын 14-чакырылыштагы Улуттук комитетинин вице-төрагасы жана ШКУнун “Жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык” комитетинин төрагасы Шен Юэюэ менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кеңири стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө күчтүү дем бар экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгы алкагындагы кызматташтыкты жана жакынкы жогорку деңгээлдеги жолугушууларды талкуулашты. 

Мындан тышкары Нинбо жана Вэнчжоу шаарларындагы компаниялардын өкүлдөрү менен бизнес форумдар өткөрүлдү. Бул иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана Улуттук инвестициялык фонду өлкөнүн инвестициялык климаты, конкреттүү инвестициялык долбоорлор, Кыргызстан менен Кытайдын бизнес-коомчулугунун практикалык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.
 

Последние новости