www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 29-апрелинде Бишкекте Шаар күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар башталды. «Тунгуч» театрында Бишкек шаарынын 148 жылдыгына арналган салтанаттуу бөлүгү өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев, ардактуу жарандар, муниципалитеттин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Шаар башчысы чакырылган конокторду жана бардык шаар тургундарын маанилүү дата –Бишкек шаарынын күнү менен куттуктады.
«Бүгүн борбор калаабыз ишенимдүү өнүгүү жолунда. Шаарыбыздын өзгөрүп жатканын көрүп жатабыз: көчөлөр жана коомдук жайлар жаңыланып, жаңы мектептер, бала бакчалар, спорттук жана маданий объекттер курулууда, транспорт жана инфраструктура тармагы өнүгүүдө. Акыркы жылдары шаардын мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейип, инвестициялар тартылып, экология жана шаардык чөйрө тармагында маанилүү долбоорлор ишке ашырылууда.
Айрыкча белгилей кетчү нерсе — бүгүн борбор калаанын өнүгүүсү учурдагы милдеттер менен гана чектелбестен, келечекти так көрө билүү менен коштолууда. Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планы бекитилди – бул узак мөөнөттүү стратегиялык документ болуп, шаарыбыз келечекте кандай болорун аныктайт. Эң башкысы – мунун баары шаардыктар үчүн жасалууда. Бишкекте жашоо, иштөө, окуу, балдарды тарбиялоо жана келечекти куруу ыңгайлуу болушу керек.
Бишкек — бул биздин жалпы үйүбүз. Анын эртең кандай болору ар бирибизден көз каранды. Көчөлөрдүн тазалыгы, бири-бирибизге болгон сый-урмат, шаарга аяр мамиле — бул биз жашаган чөйрөнүн негизи. Алдыда дагы көп милдеттер жана жаңы долбоорлор турат. Бирок эң башкысы — Бишкек кандай болушу керектиги боюнча жалпы түшүнүгүбүз бар: ал ар бир адамга ыңгайлуу шаар», — деп белгиледи шаар башчысы.
Иш-чаранын алкагында сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөрүлдү. Шаардын өнүгүшүнө салым кошкон жарандар жана өзгөчөлөнгөн муниципалдык кызматкерлер Ардак грамоталар, кол сааттар, төш белгилер менен сыйланышып, айрымдарына «Бишкек шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.
Ошондой эле майрамдык иш-чаранын катышуучулары үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамаатынын аткаруусундагы музыкалык чыгармалар тартууланды.