www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министрлиги менен Ички иштер министрлигинин тыгыз кызматташтыгынын алкагында Бишкек электр тармактар ишканасында коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.
Тергөөнүн жүрүшүндө 2023-жылдан 2026-жылдын март айына чейинки аралыкта ишкананын директору А.М., башкы бухгалтер Ч.И. жана анын орун басары Д.Ш. алдын ала сүйлөшүп алып, мамлекеттик ишкананын акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурганы аныкталган.
Аталган схемага ылайык, бухгалтерия аркылуу жасалма ведомосттор түзүлүп, акча каражаттары айлык акы катары көрсөтүлүп, Д.Ш.нын банктык эсебине которулган. Андан соң акчалар накталай чыгарылып, катышуучулар арасында бөлүштүрүлгөн. Натыйжада мамлекеттик ишканага олуттуу өлчөмдөгү зыян келтирилген.
Белгилей кетсек, коррупцияга каршы күрөшүү багытында Энергетика министрлиги менен Ички иштер министрлиги биргелешкен иштерди системалуу түрдө жүргүзүп келет жана бул факт ошол кызматташуунун жыйынтыгы болуп саналат.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1969-жылы туулган А.М., 1972-жылы туулган Ч.И. жана 1980-жылы туулган Д.Ш. кармалып, аларга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Учурда тергөө иштери улантылууда. Ошондой эле өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан берилген коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча тапшырмалардын алкагында мындай иштер мындан ары да ырааттуу улантылары белгиленет.