www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен «Жарандык платформа» коомдук фонду кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Аталган кызматташтык актуалдуу мыйзам долбоорлорун жана коомдук маанидеги маселелерди талкуулоо жаатындагы биргелешкен ишти өнүктүрүүгө багытталган.
Макулдашуунун алкагында коомчулуктун көңүлүн талкууланып жаткан маанилүү мыйзам долбоорлоруна жана актуалдуу маселелерге бурууга, ошондой эле маалымат берүүгө багытталган «Талкуу платформасы» программасы ишке киргизилет. Программага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышат.
Мындан тышкары, кызматташтыктын алкагында аялдардын саясий лидерлигине арналган «ДаткАйым» подкасты ишке ашырылат. Анын катышуучусу негизинен айым депутаттар болуп саналат.