www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча айып тагылды. Бул тууралуу журналисттерге адвокат Икрамидин Айткулов билдирди.
Айткуловдун айтымында, Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси "Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу, ошондой эле конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө багытталган аракеттер" боюнча айып тагылган.
Ошондой эле, ал Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча айыпталууда.
УКМКнын мурдагы төрагасына өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил кат түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Икрамидин Айткулов Ташиев күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирди.
Мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек тууралуу жагдай азырынча белгисиз. Айткуловдун айтымында, алар да бул ишке катышы бар.
Эскерте кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулу ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында суракка алынганы кабарланган. Сурак бир нече саатка созулуп, андан кийин үчөө тең ИИМдин имаратынан чыгып кетишкен.
Адвокат Шердор Абдыкапаров Нурланбек Тургунбек уулуна, Камчыбек Ташиевге, Курманкул Зулушевге "бийликти басып алуу" беренеси боюнча айып тагылганын социалдык тармактагы баракчасында билдирген.
Бирок кийинчерээк адвокат Kaktus.media басылмасына берген комментарийинде бул маалыматты так эмес айтканын билдирип, видеону өчүргөнүн белгиледи.
“Расмий түрдө айып коюлган жок. Мурдагы саясатчыларды бул иштин алкагында суракка чакырышты, келечекте ушундай айыптар коюлушу мүмкүн”, - деп түшүндүрдү ал.
Андан көп өтпөй Камчыбек Ташиев кайрылуу жасап, ага каршы кылмыш иши козголгонун ырастаган.
“Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат", - деген Ташиев.
29-апрель күнү кечинде Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан суракка алынып жатканы белгилүү болду.