www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Регион” телеканалынын жетекчиси, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына 29-апрелде анын кайрылуусун жарыялады. Анда Ташиев ага каршы кылмыш иши козголгонун ырастаган.

“Бул кылмыш иши боюнча менин юридикалык жактан толук коргонууга мүмкүнчүлүгүм бар жана Аллахым буюрса, менин эч бир күнөөм жок, акталып чыгам. Кимдин күнөөсү болсо, ал жазасын тартат, ал эми таза болсо акталат. Себеби мамлекетибизде акыйкат сот системасын түзүүгө мамлекет башчыбыздын аракеттери көрүлгөн. Мисалы, 25 адамдан турган “кемпирабадчылар” да акталышты. Ошондуктан баарыңыздарды мыйзамдын чегинде гана болууңуздарды суранамын. Эч кандай коомдук же башка адамдардын кыймыл аракеттеринин зарылдыгы жок деп эсептейм”, - деп жазылган кайрылууда.

Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана парламенттин экс-депутаты Курманкул Зулушев 28-апрелде Ички иштер министрлигинде (ИИМ) бир нече саат сурак берип чыкканы кабарланган.

Айрым сайттар алар 75 адамдын кайрылуусу менен байланыштырып жатышат. Камчыбек Ташиев бирок кайсыл ишке байланыштуу иш ачылганын тактаган жок. Нурланбек Тургунбек уулу менен Курманкул Зулушев комментарий бере элек.

28-апрелдин кечинде адвокат Шердор Абдыкапаров Фейсбуктагы баракчасына сурак тууралуу видео жарыялап, сөз болуп жаткан үч саясатчы сурак эле бербестен аларга “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген кине менен айыбы угузулганын айтты. Бирок кийинчерээк видеону баракчасынан өчүрүп салды.

Последние новости