www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-сентябрь күнү Бишкек шаарында маркум журналист Уланбек Эгизбаевге арналып куран окутулуп, эскерилди. Бул иш-чарага Уландын ата-энеси, жубайы Кочкордон атайын келип катышты жана аны эскерүү үчүн ар тараптан, ар түрдүү тармактагы адамдар чогулушту. Чогулгандардын сүйлөгөн сөздөрүн ирети менен берип, Улан тууралуу коомдук адамдардын пикирлерине назарыңыздарды бурабыз.
-"Болор бала богунан демекчи, Улан кичине кезинен эле элпек бала болчу. Окуганда эле жакшы окуду. Окууну бүткөндө да эң көп балл алган Улан болду. Окуп жүргөндө балдар ата-энесинен акча алышат эмеспи, ал тескерисинче иштеп, ата-энесине кошо жардам берип жүрдү. 28 жашында, ушунча мээнет менен ийгиликтерге жетип отурганда, мындай болгону аябай өкүнүчтүү", - деп айтты маркум кесиптешибиз Уландын аяш атасы Кубана ата.
Булак: NazarNews.kg