www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Кубанычбек Сатиндиевич, күздөгү парламенттик шайлоого карата 9% босого чек бүгүнкү күнгө чейин кызуу талкуу жаратып келет. Айрымдары ушул бойдон калышы керек десе, айрымдары кайра түшүрүү демилгесин көтөрүп жатышат. Босого чекти түшүрүү зарылбы, же ушул бойдон калганы туура болобу?
— Биз 2005-жылы депутат болуп райондордон шайланып келгенбиз. Элден шайланып келип, элдин мүдөөсүн, ошол региондун өнүгүүсүн, мүдөө-талабын аткарууга аракет кылчу элек. Бүгүнкү күндөгү партиялык система эрте келген болуп, кемчиликтер көп болуп жатат. Жогорку Кеңештин мурунку 5-чакырылышында Кара-Суу районунунан бир дагы депутат болгон жок. Элдин саны боюнча Кара-Суу району Нарын жана Талас облустарынын элинин санынан дагы көп. Ошол эле маалда Чүй облусунан болгону 10 депутат, ал эми Алай районунан 16 депутат болгон. Бул партиялык системанын кемчиликтеринин бири деп эсептеймин. Азыркы күндө дагы Ак-Талаа жана Түп райондорунан бир дагы депутат жок. Ушул сыяктуу кээ бир райондордон депутаттар жок болуп келет. Жогорку Кеңеш өткөн жылы дагы Конституцияга өзгөртүү киргизиш керек болчу. Буга Жогорку Кеңештин акысы бар. Шайлоо — бул быйылкы жылдын өтө маанилүү маселеси болуп турат. Келечегибизди аныктай турган же артка алып кете турган шайлоо болгону жатат. Мыйзамдагы карама-каршы болгон пункттарды алып салуу керек эле. Конституция боюнча депутаттар шайланат деп, ал эми Президентти жана депутаттарды шайлоо тууралуу мыйзамда партиялар деп жазылган. Бүгүнкү күндө бир топ депутаттар (М. Жээнчороев, Н. Никитенко, Ж. Акаев, Д. Бекешов) сунуш киргизишкен. Бул сунушту дагы артка түрткүлөп отуруп, мыйзам кабыл алынбай жатат. Жогорку жактан бийлик эмне дейт деп жатышат. Бийлик элге иштейм, мамлекетти оңдойм десе, тынчтыкты сактагысы келсе, өзгөрүү кадамдарына барышы керек. Бул мыйзамга өзгөрүү болбосо, революцияга алып келиши мүмкүн. Бул нерсенин кимге кереги бар?! Ансыз деле Кыргызстан Орто Азия мамлекеттеринин арасынан артта калып жатабыз, карызга белчеден баткан, өндүрүш жок, миграция күчөп жатат, күндөн-күнгө кылмышкерлик дагы өсүүдө. Бул маселелерди чече турган шайлоо келе жатат, аз эле убакыт калды. Шайлоо баштала электе эле мисалы бийликтегилер “Биримдик” партиясына чуркагыла деп жатышат. Ошондой эле “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” саясий партиялары дагы чуркап жүрүшөт.
— Босого чекти түшүрүп же такыр эле алып салса, саны бар, сапаты жок партиялар ошондо элди ирээнжитпейби?
— Босого чекти 9%га көтөрүшкөн депутаттар кайрадан ылдыйлаталы деп жатышат. Себеби алардын ахыбалы дагы начарлап баратат. Каражат жагынан кээ биринин жетекчилери өзгөрүп жатат. Демек, алар пайызды ылдыйлатып, ордуларын сактап калууну көздөп жатышат. Бир топ депутаттарга иш козголгон, ичинде соттолуп, түрмөгө отура турчу дагы депутаттар бар. Азыркы күндө бул Жогорку Кеңешке нааразылык күчөп жатат. Эгерде бул мыйзамга өзгөртүү киргизилбесе, мен дагы митингге чыгууга чакырат элем. 9% өтө чоң, мисалы өнүккөн мамлекеттерде – Голландияда болгону 1%га дагы жетпейт, 0.67% алса ошолор депутат болот. Норвегияда 4%, Данияда 2%, Германияда 5%, Швецияда 4% босого чек бар. Кээ бир мамлекеттерде босого чек такыр эле жок. Экинчи жагынан 5 миллион сом күрөөгө төлөнүшү керек. Элдин баарында мындай мүмкүнчүлүк жок. Мурунку шайлоодо 14 партиядан 6 гана партия өттү. Кээ бир партиялардын программасы жакшы болуп, элге эмгек кылайын деген, акыл-эси, билими баардыгы жетишип турса, аларга бөгөт койгонго кимдин акысы бар?! Эмне үчүн элден шайланган Президент, Өкмөт жана Жогорку Кеңеш буга бөгөт коюшу керек?! Бул деген элге каршы болуп жаткан иш болуп жатпайбы. Башка мамлекеттерди карасак, Түркияда гана 10% экен. Кыргызстанда Юстиция министрлигинен 243 партия каттоодон өткөн. Саны бар, сапаты жоктору, акчалуулар жана акчасы жоктору бар. Анан ким мага канча сунуш берет деп отургандар дагы толтура.
— Партиялык система биздеги жоопкерчиликти түп тамыры менен жок кылбадыбы? Өзүбүзгө ылайык системаны тандасак болбойбу?
— Мен эки жолу депутат, вице-спикер болгом, 54 мыйзам-долбоорлордун автору болом. Азыркы Жогорку Кеңешти карап жаным кейийт. Төрага баш болуп уят болуп жатат. Дүйнө жүзүнө уят болуп бүттүк. Коңшу Өзбекстанды карасаңыздар кандай гана курулуштар жүргөн жок, машиналар чыгарылат, Бухара-Ташкент, Самарканд-Ташкентке түз жүрө турган тез ылдамдыктагы поезддерди жиберди. Алматы-Ташкентке дагы коё берип жатат, көчөлөрү таптаза, эл дагы өзгөрүлүп жатат. Биз качан?! Жалаң эле ыр-чыр менен эле отурабыз. Системаны өзгөртүш керек болуп жатат. Келе турган Жогорку Кеңешти түздөн-түз элге баш ийдириш керек. Партиялык система- жоопкерчиликтен чыгып кеткенге барабар болуп жатат.
— Шайлоо системасына деги эле системага кандай өзгөртүүлөрдү киргизиш керек деп ойлойсуз?
— Биринчиден, бөгөттү азайтып, колдон келсе 3%га түшүрүш керек. Бул маселе боюнча эмнегедир Президент, Өкмөт унчукпай келет. Эртең бирөө келип сынга алып же кемчилигин айтканы аларга кереги жок болуп жатат. “Кол” партиялар өтүп кетсе, эки-үч партияны башкаруу оңой болуп жатат. Мамлекетибизди оңдойлук, эртеңки турмушубуз дагы революция менен бүтпөсүн десек, бизде “полярное мнение” болуш керек. Жөнөкөй элден чыккандар дагы кириши керек. Түндүк-түштүк маселеси аябай өрчүп баштады, улуу менен кичүүнүн ортосунда ажырым кетти. Мындай жол менен кете берсек кайда барабыз?! Ойлонуп туруп, ойгончу маал келди. Элибиз дагы анча-мынча берип койгонуна макул болбой, татыктуусун шайлашы керек. Жогорку Кеңеште үч долбоор жатат. Төмөндө айтып кеткен депутаттардан сырткары А. Шыкмаматовдун жакшы сунуштары бар экен. Мисалы, 15 партия катыша турган болсо, эл лидери ким деп туруп эле ошого добуш берип жатышат. Арасынан кээ бири чөнтөгүн гана толтуруп алып жатышат, А. Шыкмаматовдун сунушунда дагы жакшы үрөн бар болуп жатат. Ал мындай сунуш киргизди: бир партиянын тизмесинин ичинен бирөө татыктуу болсо, эл ал кишиге добушун берсе, ал дагы депутат болушу керек. Бул долбоордо 5 эле орун (квота) дагы берилиши керек деп турат, калгандары партия менен өтүп келишет. Менин оюмча бул аздык кылат, жок дегенде 60 орун берилиши керек. Алар шайланып келсе фракция уюштурганга мүмкүнчүлүк берилбеши керек деп турат, тескерисинче ошол адамдарга берилиши керек деген ойдомун. Аял кишилерге квотанын киргизилгенине мен сүйүнүп жатам. Алгылыктуу жумуштарды алып барып жаткандарын көрүп жатабыз.
Депутат болуп эч ким төрөлбөйт, ошондуктан аларды дагы окутуш керек. Биз убагында иштеп турганда ПРООНдун эсебинен бир жума-он күн окутчубуз. Мыйзам долбоору кандай даярдалышы керек, кандай өтүшү керек, делегацияга барганда кандай жүрүш керек деген маселелерди карачубуз. Кыргызстандын мындан ары төмөндөшүнө мүмкүнчүлүк жок. Мамлекетибиз тарап, жоюлуп кетишине чейин барат. Жазда эмне болот, күзүндөгү шайлоону тынч өткөрөлүк десек, бийлик бүгүнтөдөн баштап ойлонушу керек.
— Жаш партиялар алдыдагы шайлоо мындан дагы кымбат болот, 5 млн сомдук күрөөнү түшүрүү керек деген ойду айтып келишет. Күрөө маселеси бонча оюңуз?
— Мурун 500 000 болчу. Анда 20дан ашык партия катышкан. Ал деле жакшы болмок. Азыркы депутаттар 1 млн сомду сунуштап жатышат. Айла жок 1млн сом болсо деле мейли. Өкмөткө жана БШКга жумуш көбөйөт экен, тизменин баарын карап чыгып, ошого добуш берсе, бюллетенге ошончо кишини чыгарып, ошондой эле шайлоого кеткен каражатты жабышы керек. Ошол жагын Өкмөт да ойлоп жатса керек.
— Шайлоо башталардын алдындагы куру убадалар депутаттардын аброюн түшүрүүгө алып келет десек болобу?
— Сөзсүз. Мурун убада бергендер эле кайра чыгып жатышат. Ал тургай мен атаган үч партиянын ичинде дагы бар. Тилекке каршы, бизде ширенке чыгара турган дагы завод курулган жок. Бирок бийликти гана жамандабастан, жол картасын өзүбүздөн баштасак деп айтаар элем. Бала-чаканын курсагы токпу, кийим-кече, окуу куралдары барбы? Андан кийин айыл, көчө, район, облус, республиканын масштабында карасак. Баарыбыз өз салымыбызды кошушубуз керек. Шайлоонун алдында баары эле убада бере баштайт. Бирок жасаган иштерине, акыл-эсине, деңгээлине, тажрыйбасына, профессионалдуулугуна жараша карашыбыз керек. Сөзсүз түрдө акчага сатып алуу болот, мындан алыс болуп абийирибизди сактасак.
— Жогорку Кеңештин депутаттары Ж. Акаев, И. Масалиев сунуштаган электрондук долбоор аркылуу, партияга гана эмес ар бир депутатка добуш берүү маселесине көз карашыңыз кандай? Бул ашыкча чыгым болбойбу?
— Бир коркунуч бар, борбордук сервер деген. Район жана башка добуш берген жерлерден келген маалыматты БШКдан туура өткөрөбү деген суроо жаралат. Мен сунуш айтаар элем, шайлоого катыша турган партиялар мыйзам түрүндө киргизилиши керек, БШКда дагы байкоочулар отурушу зарыл. Мен бул ойду колдоор элем, болгону бейөкмөт тарабынан дагы “база данных” түзүш керек. Баардык жыйынтыкты БШК чыгарат. Экөөндө тең бирдей маалымат чыкса туура болот.
— Өзүңүз шайлоого барасызбы? Кайсы партияны божомолдоп турасыз?
— Азыр бир дагы партияга мүчө эмесмин. Бирок, парламенттик шайлоого барам. Себеби, өлкөнүн келечегине кайдыгер карай албайм. Мен бул жерде жашайм, бул жерде ата-бабамдын сөөгү коюлган, киндик каным тамган. Элиме иштеп берейин деген оюм бар. Азырынча үч партиядан сунуш бар, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Элибиз эң башкысы шайлоого барышы керек.
Темирлан Токтоболотов
Булак: "Жаңы Ордо"