www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус пайда болгондон бери алгачкы жолу Кытайдын чыгышындагы Цзиньхуа шаарынан Борбордук Азияга товар жүктөгөн поезд жолго чыкты. Бул тууралуу "Синьхуа" маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Иу-Синьцзян-Европа каттамы менен жүргөн поезге жүктөлгөн 82 контейнер Иу шаарынан 14-февраль күнү чыккан. Ал Испаниянын Мадрид шаарына барып токтойт.

Контейнерде темир шаймандар, автоунаанын тетиктери жана текстилдик товарлары бар экени айтылат.  Алардын айрымдарын Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Борбор Азиянын башка мамлекеттерине таштай кетишет.

Эске салсак, 23-январь күнү Кытай менен бардык транспорттук байланыштар, анын ичинде Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү аба каттамын абал турукташканча токтотуу боюнча чечим кабыл алынган. Мындан тышкары,  чек ара пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, "Манас" жана "Ош" аэропортторуна тепловизор коюлган.

Акыркы маалыматтарга караганда,  коронавирустан 1 770 киши көз жумса, жуктуруп алгандардын жалпы саны —  70 миңге жетти.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости