www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Даңазалуу доор” жана “Батыш-Чыгыш” телесериалдарында тартылган, белгилүү актер Аднан Коч 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылды. Актер куралчан полицияга каршылык көргөздүгү, барымтага алуу жана ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча айыпталган. Бул тууралуу Cumhuriyet түрк басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аднан, анын бир тууганы жана үч адам 2018-жылы Стамбулда бангизатка каршы операция учурунда кармалышкан. Ошол убакта бангизат менен соода кылган Синан Бозбурун бангизатка каршы кылмыштардын департамени менен сүйлөшүп алып, Аташехирдеги кафелердин биринде актер менен жолугушат. Буйрутма берген адамдарга карматкан сумкасынын ичинде фольгага оролгон 2 грамм кокаин жана 0,4 грамм метамфетамин бар болчу. Актер кармоо учурунда кылмыштын изин жашырууга аракет кылган. Полиция менен мушташып, атыша баштаган. Натыйжада 6 полиция кызматкери жаракат алган. Кылмыштын катышуучулары 4 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Айыпталуучулардын жактоочусу, укук кызматкерлери өздөрү күнөөлү деп, анын коргоосундагы адамдар да жаракат алганын айтты. Анын айтымында алар дагы сабалып, оор жаракат алган. Бирок, сот жактоочунун сөзүн уккан да эмес.

Белгилей кетсек, Аднан соттук териштирүү учурунда кинолорго тартылып, концерттерде ойноп жана чет өлкөлөргө чыгып жүргөн. Ал эми, сот өкүмүн чыгарган күнү Инстаграмдагы баракчасына жаңы музакалык шоусун жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости