www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын белгилүү  эстрада жылдызы НТВ каналынын “Сен ишенбейсиң” телеберүүсүнө келип, жолдошу Максим Галкинди Австралияга жана Жаңы Зеландияга жибергиси келбегенин айтып берди.

Алла Пугачёва азыркы учурда дүйнө жүзүн коронавирус эпидемиясы каптап жаткандыктан Галкинди башка континентке жибергиси келбей: “Мен коркуп, чөгөлөп, ал жакка кетпе деп сурандым”,-деп айткан. Ага көнбөгөн Максим Галкин кетип калган. Бирок алып баруучу жана куудул Галкин гастролдон үйүнө аман-эсен кайтып келген.

Мындан сырткары орус Примадоннасы үй иштери менен алек болуп жатканын алты жаштагы эгиздер Лиза менен Гарринин ден соолгуна карап жаткандыгын айткан.

Ал эми улуу кызы ырчы, актриса Кристина Орбакайте бир нече күн мурда бутун сындырып алганына санаа тартпай тургандыгын айтып: “Ал азыр жаш, жараат бүтүп кетет. Кристина эми чоң кыз”,-деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости