www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Айсулуу Мамашева NazarNews.kg агенттигине аялзатынын жашоодогу миссиясы тууралуу пикирин билдирди.

--Саламатсызбы Айсулуу айым, жашоодогу максатыңыз жана миссияңыз кандай?

--Аялзатынын эң негизги максаты - бактылуулук, жумуштан ырахат алуу, ар тараптан билимдүү болуу, жумуштан дагы көп пайданы алып келүү чоң максаттардын бири болу эсептелет. 

Биринчиден аялзатынын миссиясы - өзгөчө жаңы муунга жашоону тартуулоо. Экинчиден - жаңы муунубузду татыктуу жаран кылып чоңойтуу. Ошондой эле ушул дүйнөгө мээримди чачуу, коомду биримдикке алып келүү.

--Ар бир замандын, учурдун өз көйгөйү бар. Бүгүнкү күндүн көйгөйү эмнеде?

--Ар бир замандын өзүнүн көйгөйү бар. Бүгүнкү замандын чоң көйгөйү бул жоопкерчиликсиздик. Кайсы жакта болбосун ар бир киши өзүнүн ишин так аткарса, кызмат да алдыга жүрөт.

--Текебаев тууралуу саясий көз карашыңызды айтып берсеңиз?

Албетте, Өмүрбек Текебаевге болгон саясий көз карашым түз. Ал кишини сыйлайм, урматтайм. Башкача айтканда саясаттан ал кишинин ролу чоң жана эң туруктуу саясатчылардын катарын толуктайт.

--Парламенттин иштөө мөөнөтү үч жылга кыскартуу демилгесине оюңуз кандай?

Чындыгында бул демилгеге толугу менен кошулбайм. Менимче 5 жыл жетиштүү. Ушул 5 жыл аралыгында эфективдүү иштегенге аракет кылышыбыз керек.

Эгер шайлоонун санын көбөйтсөк, бюджетке да көп чыгашаларды алып келет. Эл деле 3 жыл сайын шайлоого барып тажайт окшойт. Анын ортосунда айылдык, шаардык, президенттик шайлоолор дагы бар да.

--Рахмат!

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости