www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков ушул жылы боло турган парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” саясий партиясы менен барарын Би-Би-Си радиосунун кыргыз кызматына берген интервьюсунда билдирди.

“Мен 2015-жылы “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланып, Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурам, менин партиям бүгүнкү күндө “Кыргызстан”. Келечекте Кудайым буюруп насип кылса “Кыргызстан” партиясы менен барам деп айткым келет”, – деген жообун узаткан.

Эске сала кетсек  “Кыргызстан” саясий партиясы эң биринчилерден болуп 2020-жылы боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоосуна катышаарын жар салышкан. Ал эми, парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости