www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кыргызстандын чек арасы боюнча өтө опурталдуу аймак Баткен чөлкөмү болсо керек. Баткен облусундагы чек ара маселесиндеги көйгөйлөр эле эмес, толгон токой көйгөйлөр бар экенин мен тизмектеп айтпасам да бешиктеги балага да белгилүү экенин кыргыз эли жакшы билет. Менин айтайын дегеним "мамлекеттин тагдырын кадрлар чечет" демекчи, Баткен облусунун губернаторлугуна татыктуу башчыны көрүү-учурдун, элдин талабы.
Ал инсан- Ташов Имамидин мырза! Себеби, биринчиден, ал жаш, курч. Экинчиден, Баткендин кулуну, үчүнчүдөн, акылдуу, билимдүү, иш билги. Төртүнчүдөн, таза, элдикине тийбейт, кайра элге берген кайрымдуу патриот жигит. Бешинчиден, бийликте болбосо да карапайым кыргыз элине ар тараптан колдон келишинче моралдык да, материалдык да жардам берип, колдоо көрсөтүп келет. Алтынчыдан, жүрөгүндө ыйманы бар. Жараткандан корккон, адал, арам эмне экенин жакшы билген, Кыргыз жери, эли үчүн чын жүрөктөн күйгөн элдин уулу. Жетинчиден, бийлик башында турган, биз ишенип шайлаган чоңдорубуз ушундай Жараткан берген чыгаан уулдарыбызды өз учурунда, убагында пайдаланып, эл үчүн кызмат кылдырбасак, анда өзүбүздүн шорубуз",-дейт журналист Элнура Кулуева.
Булак: NazarNews.kg