www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баарыңыздарды кыргыз тил майрамы менен куттуктап кетким келет. Мен элибиздин келечеги барына ишенем. Дүйнө жүзүндө 200дөн ашык мамлекет бар. Алардын ичинде Кыргызстан дагы элинин санынын, территория жагынан анча чоң мамлекет болбосо дагы, биз тарыхыбыз, дилибиз, тилибиз менен эң ири мамлекеттерден кем калышпайбыз. Эң негизгиси эгемендүүлүгүбүз бар. Дүйнө жүзүндө 20-30 миллион калкы бар элдер азыркы күнгө чейин эгемендүүлүктү ала албай жүрөт. Биз болсо бүткүл дүйнөлүк чоң уюмдардын баарынын мүчөсүбүз. Андан сырткары азыр өсүп келе жаткан жаштарыбыз бар. Мамлекеттин туусун бийик көтөргөн мыкты уул-кыздарыбыз келе жатат.

Кээде жаныбызды кейиткен учурлар да болот. Алардын бири өзүбүздүн тилибизди барктай- баалай албаганыбызда. Ар бир мамлекеттин өзүнүн эгемендүү болушунда эң чоң бирден бир белгиси бул өзүнүн тилин сактап калуу. Кыргыз тили байыркы, бай тил, Манас атабыз сүйлөгөн тил. Улуу Чынгыз Айтматов кыргыз тилин көтөрүп чыгып бүткүл дүйнө жүзүнө тааныткан тил. Биз дагы кыргыз тилин өркүндөтүшүбүз керек. Ыраазычылык катары айткым келет. Акыркы жылдарда бала бакчалардан баштап, көп окуу жайларда дагы окутуп башташты. Үйрөнгөнү бар, аракет кылганы дагы бар.

Тилекке каршы бизде кыргыз эмес "киргиздер" дагы көп. Мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда жазылып турса дагы бир топ кыргыз тилин билбеген атка минерлер чоң-чоң кызматтарды ээлеп келишет. Аларды көргөн бир топ жаштар кыргыз тилин экинчи сорт катары көрүп жатышат. Дүйнөлүк тилдерди үйрөнгөн жакшы. Ошол эле англис тилин, испан, француз, немис жана орус тилдерин. Мына орус тили официалдуу тил болуп келе жатат. Өз тилин билген эр азаматтар эч качан башын жерге салып басбайт деп эсептейм. Себеби өз эне тилин билүү бул ар бирибиздин милдетибиз. Эне тилин өстүрүп, өркүндөтө турган ар бирибиздин мойнубуздагы парзыбыз. Кыргыздын бирден бир туусун көтөрө турган эне тилибиз. Эне тилибизди ардактайлы, даңттап, даңазалайлы. Баарыбыз ийне жибине чейин билгенге аракет кылалык. Ошол эле учурда толук кандуу деңгээлинде кыргыз тилин өркүндөтүп атабыз дегенден мен алысмын. Буга баарыбыз аракет кылышыбыз керек. Өз салымыбызды кошолу. Бала- бакыра, жерге- жерибиздин баары эне тилинде сүйлөсө элибиз, айылыбыз, көчөбүз, шаарыбыз, облусубуз эне тилин билсе мындан эч жаманчылык жок.

Мамлекет жетекчилери дагы барган жеринен башка тилди так сүйлөй албаса, эмне үчүн кыргыз тилинде сүйлөбөйт? Керек болсо которуп түшүнүп алышсын. Анын эч уяты жок. Барган жерде тилмечтер бар, алар жетиштүү. Тышкы иштер министрлиги, элчиликтер баардыгы бар. Ошолорду карап туруп, жетекчилерди карап, жөнөкөй эл дагы мамилесин өзгөртөт. Кыргыз тилин той- майрамдарда эле сүйлөбөй, үйүбүздө, бала бакчада, мектепте, жогорку окуу жайларда, жумушта, ак үйдөн баштап кичинекей үй-бүлөөгө чейин кыргыз тилин билгендей бололук.

Эне тилибиздин майрамы кут болсун! Кыргыз тили өнүгүп, өссүн, өркүндөсүн!

Урматым менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери К.С. Исабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости