www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш.Жээнбековго  кайрылуу

Урматтуу Сооронбай Шарипович,

Кумтөрдөн алтын казуу боюнча канадалык фирма менен болгон келишимге ылайык Кыргызстандын үлүшү 1992-жылы 67 пайызды түзгөн.

Ачык жердеги жылуулук жакын аймактардагы мөңгүлөрдү эритип жиберүү коркунучу бар болгондуктан, жана ал Ысык-Көлдүн экологиясына терс таасирин тийгизери белгилүү болгондуктан кен шахта ыкмасы менен казыла турган болгон. Сизден мурункулар келишимге өздөрүнүн түзөтүүлөрүн, кошумчаларын киргизе берип, Кыргызстандын үлүшүн 13 пайызга чейин азайтып салышты. Кен болсо ачык иштетилип жатат.

2013-жылы Жогорку Кеңеш президент Алмазбек Атамбаевге жана өкмөткө келишимдин шарттарын кайра карап чыгууну, Кумтөрдү улутташтырууну жана шахта ыкмасы менен өндүрүүгө өтүүнү сунуштаган. Бирок, Кыргызстандын жетекчилиги облустун экологиясы үчүн берилүүчү акчанын көлөмүн гана көбөйтүп тим болушкан. Ошондо Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров парламенттин талабын аткарууга чакырып өкмөттүк аянтта расмий түрдө митинг өткөрдү.

2013-жылдын 7-ноябрында Ысык-Көл облусундагы коомдук уюмдар Каракол шаарында митинг өткөрүп, анда Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 70 пайызга чейин көбөйтүүнү, Кумтөрдөгү алтын казууну шахта ыкмасына өтүү керектигин талап кылышкан. Ысык-Көл облусунун губернатору Эмил Каптагаевди митингдин аягына чейин унаанын ичинде барымтада кармашты.

Садыр Жапаров бул акцияларга катышкан жок, ал үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Кыргызстандын сыртында болчу. Кайтып келгенде депутат Садыр Жапаров камалып, козголоңду уюштурганга жана губернатор Эмил Каптагаевди барымтага алганга күнөөлөндү. Ысык-көлдүк Эмил Каптагаев сотко арыз жазып, митингдин уюштуруучуларына жана жеке Садыр Жапаровго эч кандай дооматы жок экендигин айтып, аны бошотууну суранды. Мүмкүн, канадалык фирмага жана коомчулукка Кыргызстандагы кендердин ээси чиновниктер эмес, кыргыз эли экендигин далилдеш үчүн митинг кеңешилип өткөрүлгөндүр, губернаторду барымтага алуу атайын демилгеленгендир.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту жалган көрсөтмөлөрдүн негизинде Садыр Жапаровду 12 жылга эркинен ажыратты. Ал эми шаардык жана Жогорку сот райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Ысык-Көл облусунун губернатору Эмил Каптагаев кызматынан кетти.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлктү кымырып алгандар, пара менен кармалгандар, республиканын жетекчилигин алмаштырууну каалаган топтор жана бийликти басып алуу үчүн Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүп соттолгон чиновниктер жана экс-депутаттар эркиндикке чыгышты.

Өлкөнүн жаратылыш байлыгын элге кайтарууга жана Ысык-Көлдү экологиялык катастрофадан сактоого аракет кылган депутат Садыр Жапаров 10 жылга түрмөгө камалды.

Ушул себептүү, айрыкча 7-8-августтагы кейиштүү окуялардан жана экс-президенттин камалышынан кийин элде нааразычылык көбөйүп, анын натыйжасында канга боелгон кезектеги түстүү революция жаралып калуу коркунучу бар.

Эгемендүү Кыргызстанды түзүүнүн башатында тургандардын катары мага Ысык-Көл облусунун жана республиканын башка аймактарынын өкүлдөрүн, айрыкча жаштарды кандайдыр бир массалык каршылык акцияларына чыгуудан карманып тургула деп жоошутууга жана көндүрүүгө туура келүүдө.

Сиз, Сооронбай Шарипович, президенттик бийликке тынч, чыныгы демократиялык жол менен келдиңиз. Эл сизди кыргыз мамлекети эми сот бийлигинин акыйкатсыз зомбулугунан, түндүк да, түштүк да трайбализминен, коррупциядан, кадрдык оюндардан жана башкалардан кутулат деп үмүт кылып шайлаган.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизден Конституциянын гаранты катары кыргыз элинин патриоту Садыр Жапаровду актап берүүңүздү суранам.

Укуктук зомбулук Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде бара жатат, дал ошол аны түзгөндөр жана катышкандар анын курмандыктары болушууда. Бүткүл элдик Курултайда негизделген Конституциянын вариантын талкуулап жана кабыл алуу зарыл.

…"Партиялар мамлекеттик эмес, коомдук уюмдар деп саналат.  ...Көп партиялуу система менен эч качан мамлекетте стабилдүүлүк болбойт, себеби, партиялар “бийликти гана ойлошот, бир гана, бирок жалындуу – Бийлик деген кумар!” Ушул бийлик үчүн болгон күрөштө алар бийликте тургандарды алмаштырыш үчүн өз ара биригишет. Мунун баары үчүн эл тосулган жолдор, атылган уулдары менен эсептешет”, -деп мен 2007-жылы, 2010-жылдын 7-апрелинде жана 2019-жылдын 7-августунда “Эни-Сей” гезитине жазгам, мына ошондой эле болду!..

Маданият, билим берүү, мамлекеттик тилди жана “Манас” эпосун окутуу боюнча конкреттүү сунуштарым бар, буларды Сиз убада кылган жеке жолугушууда айтып берүүгө даярмын. Күтүп жатам...

Ишенүү жана үмүтүм менен ​Мар Байжиев, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, эл аралык “Ынтымак Жылдызы” сыйлыгынын лауреаты

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости