www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында белгилүү бизнесмен, ошол эле убакта “криминалдык чөйрөнүн боссу” аттыккан Салимбай Кыргызбаевич Абдувалиевдин видеосу тарады.
Аталган видеодо эл арасында “Салимбай байбача” айтылып жүргөн кримбосстун музейден айырмасы жок хансарайы, андагы кыялдан сырт жашоо шарттар көрсөтүлгөн.
Эскерте кетсек, 2011-жылы Wikileaks сайтына АКШнын Өзбекстандагы элчиси Джон Пурнелдин жазган каты жарыяланган. Анда элчи Салим байбачаны “Өзбекстандагы криминал дүйнөсүнүн боссу” катары сүрөттөп, аны өзбек өкмөтүндө абдан жакын байланыштары, ал байланыштар аркылуу же ортомчу катары өзбек бийлик кызматтары жана бийлик тарабынан түзүлгөн келишимдер сатылаарын жазып чыккан.
Буга чейин Салим Кыргызбаевичтин кыргыз саясатчылары менен байланышкан окуясы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо аталып, анда айрым маалымат каражаттары аны “Кыргызстан” партиясын колдоп, өзбек туугандардын добушун алып бергени жатыптыр деп жазып чыгышкан. Көрсө, аталган партиянын лидерлеринин бири Шаршенбек Абдыкеримов менен Салим байбача чогуу сүрөткө түшүшкөн экен. Бирок, аларды спорт байланыштырып тураары, Салим Абдувалиев Өзбекстандын күрөш федерациясынын президенти, Өзбек Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти экени, Шаршенбек Абдыкеримов болсо КРнын УОКтун Президенти катары иш-чараларда кездешээри такталган соң гана бул бас-бас болгон.
Кийин, т.а. 2018-жылкы президенттик шайлоодо Оштогу байлардын бири, ИИМдин мурдагы кызматкери Жалил Атамбаев менен экс-депутат Нургазы Айдаровдун Өзбекстанда барып андагы таасирдүү криминал “Салимбай байбача” - Салим Абдувалиев менен бирге тартылган тасмасы күндүн негизги темасына айланган. Анда алар “Салимбай Кыргызбаевич биз менен. Биз буга сыймыктанабыз! Салимбай ака биздин тирегибиз. Салимбай ака тирүү кезинде кыргыздардын тиреги тирүү ”, - деп Салимбайды кучактап түшкөн сүрөттөрү, видеосу тараган.
Булак: NazarNews.kg