www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Кубанычбек Исабековдун китебинде "Кумтөр" алтын кениндеги коррупциялык ишмердүүлүктүн мамлекетке зыян келтирген далилдери камтылган окуяларды NazarNews.kg маалымат агенттигине кезек-кезеги менен чыгарып турууну туура көрдүк. 

Бүгүнкү китептин уландысында,  КЫРГЫЗ ҮЧҮН КЫЯНАТЧЫЛ КЕЛИШИМ окурмандарга сунушталат. 

КЫРГЫЗ ҮЧҮН КЫЯНАТЧЫЛ КЕЛИШИМ

“Центерра голд инк” компаниясынын түзүлүшү боюнча ошол убактагы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны дагы катуу талкуулаган. 3 токтом кабыл алган. Андагы депутат Орозбек Дүйшеев “Центерра” боюнча келишимге ачыктан ачык каршы чыккан. Бул аксакал эмне үчүн кийин канадалыктарды жактап адвокат боло баштады бизге али күнгө чейин түшүнүксүз. Маселен, Дүйшеев мырза, 2004-жылы 15-октябрда Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан: (стенограмма) “ ...Мен эми тоо инженери болгонго байланыштуу тоо онор жайына дагы кичине токтолуп койбосом болбойт го. Айтып коёлу, тоо өнөр жайы дагы орто эсеп менен 10 пайызга азайды. Талкаладык. Анан цифраларды кийин айтып берем. Ал гана эмес мына байлыгыбыз болгон “Кумтөр” кенин жоготтук. Законду тебелеп-тепсеп, эки жолу чечим чыгарды, эки жолу парламентте уктук, Өкмөт угуп койдубу? Түкүрүп дагы койгон жок бизге. Бардыгын өткөзүп берди. Мына ошол эле себептен жалаң эле “Кумтөр” агент проектисин ишке ашыруудан биз 500—600 миллион долларды жоготуп жатабыз. Эмне үчүн бизге акчанын кереги жокпу?..” деген.

Ал эми 2005-жылы 20-январда, (стенограмма):

“Урматтуу коллегалар, биз Кумтөрдү бир нече жолу караганбыз, 4 жолу. Анан ага карабай эле эми биздин чечимдерди аткарбай жатат. Ошого байланыштуу келечектен алыш үчүн мындай эле пункт киргизип жатабыз. “Считать постановление Правительства Кыргызской Республики от 31 декабря 2003 года № 835 «Об одобрении противоречащих интересам Кыргызстана инвестиционного соглашения, исправление дополнений Конституционного договора, соглашение о новации и прекращении действий генеральных соглашений, касающихся проектов “Кумтөрзолото” превышение польномочий и соответственно противозаконным”. Все. Если сегодняшнее Правительство не слушает нас, я думаю, все-таки новое Правительство будет. Это будет выполнятся. Это будущее для кыргызского народа...” деп безилдеген Дүйшеев аксакал. Андан кийин деле Кыргыз элинин пайдасы үчүн олуттуу эч нерсе өзгөргөн жок. Дүйшеевдин айткандары актуалдуу бойдон калган. Тилекке каршы аксакал өз принциптеринен тайып, канадалыктарды жактап азыркы теңирчи, андагы “Кыргызалтындын” башчысы Дастан Сарыгуловдой теңирден тескери сүйлөй баштаганы бир мандемди каңкуулап турат.

Дүйшеев аксакал, “Эркин Too” гезитине (2008-ж. 17-июнь. № 44(1758) депутат кезинде сүйлөгөн сөздорүнө каршы томөндөгүдөй пикирин билдирген:

“...Кээ бир мамлекеттик чиновниктер “Центерра инк” менен “Камеко” ишканасын бир компания катары карашууда. Бул такыр туура эмес түшүнүк. “Центерра инк” түзүлгөнүнө 4,5 жыл болду. Уюшулганда эки эле акционерлер: “Камеко” жана “Кыргызалтын” болсо, азыр бул компаниянын курамында көптөгөн өлкөлөрдөн чоң жана кичине 51 фирма бар. “Центерра Инк” компаниясы ачык болуп эсептелет, компаниянын ар бир чечими массалык маа- лымат каражаттарында жарыяланып турат жана акционерлердин көзөмөлүндө болот. Ошондуктан, бул компанияда коррупциянын орун алышы өтө кыйын. Ошондой эле азыр “Кумтөр” алтын ком- бинатын булардан чыгарып алуу да өтө татаал процесс. Эгерде жаңы түзүлгөндө бул компаниянын активи 500 миллион америка долларга бааланса, азыр 3 миллиард доллардын тегерегинде. Биз- дин үлүшүбүз 15,6% ды түзөт, дёмек, Кумтөрдүн активинде дале биздин үлүшүбүз ушул пайыздан ашпайт...” дейт.

Мына эл тараза, эл калыс демекчи, кечээ эле “Кумтөрдү жоготуп жибербейли” деп Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан күпүлдөп маселе көтөрүп жүргөн Дүйшеев мырза, эми “Центеррага” чаң жугузбай калкалап, 15,6 пайыз үлүшкө да ыраазы болуп отурат.

Ошол учурдагы Абдыганы Эркебаев төрагалык кылган Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2003-жылдын 20- июнунда “Камеко Корпорейшн” корпорациясынын сунушу боюнча “Кумтөралтын” долбоорунун түзүмүн өзгөртүү жөнүндө 3 №1232¬11 токтомун кабыл алышкан.

Анда, “1992-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Канаданын “Камеко” компаниясы менен Кумтөр алтын кенин иштетүү жөнүндө Башкы макулдашууга кол коюлган, анын эсептелген запасы 1992-жылдын 1-январына карата 516 тоннаны түзгөн. “Кумтөр-1” долбоорунун курулушу (запастын бир бөлүгүн ачык ыкма менен иштетүү 316 тонна техникалык-экономикалык негиздеменин (ТЭНдин), эсеп-кысабы боюнча АКШнын 276 миллион доллардын ордуна АКШнын 452 миллион доллары жумшалган.

“Кумтөр-1” долбоору боюнча кен чыккан жердин курулушу 1996-жылдын акырында аяктаган: 1997-жылдан 2002-жылга чейин 115,8 тонна алтын казып алынган. 2003-жылдын 1-январына карата ТЭН-95 боюнча алтын ачык иштетүүнүн запасы 130 тоннаны, жаңы программа боюнча - 97 тоннаны түзгөн. Алтын кенин казып алуу долбоордогу кубаттуулуктан озуу менен ыкчам жүргүзүлгөн, ушундан улам казып алуу кызматынын мөөнөтү 6-8 жылга кыскартылган. Азыркы учурда 2011-жылы бүткөрүлө турган долбоордун ордуна, иштетүүнү 2008-жылы аяктоо болжолдонуп жатат.

Бул долбоордогу иштердин абалын талдоо төмөндөгүлөрдү көрсөтөт:

Кыргыз тарапка карата алганда, Башкы макулдашуунун шарттары башталышында эле майнаптуу болгон эмес. Муну 2-чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан түзүлгөн депутаттык комиссия белгилеген. Ал республикада алтынды казып алууну өнүктүрүү маселелери боюнча иш жүргүзгөн.

Кыргыз тарабы үчүн долбоордун пайдасыздыгы Башкы макулдашууну түзүү учурунда белгиленген- бул металлды эмес, дивиденддерди бөлүштүрүү болуп, мында “Кумтөр голд компани” биргелешкен ишканасын башкаруудан кыргыз тарабы четтеп калган. Кенди иштетүү жана ишкананын финансылык иши Башкы макулдашууга ылайык “Камеко” “Кумтөр оперейтинг компани” туунду фирмасына толук бойдон өткөрүлүп берилген.

2002-жылдын сентябрында “Камеко” компаниясы “Кумтөралтын” долбоорунун түзүмүн өзгөртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш менен кайрылган. Аталган сунушту иликтөө “Камеко” компаниясы кыргыз тарабынын кызыкчылыгына тиешелүү түзүмдү өзгөртүүнүн финансылык жана юридикалык маселелерин жеткиликтүү эмес иштеп чыккандыгын көрсөттү.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Канаданын “Камеко корпорейшн” корпорациясынын ортосундагы “Кумтөр” кен чыккан жери боюнча Башкы макулдашууга жана “Кумтөр” долбоорунун ТЭНине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен гана киргизилсин;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үстүбүздөгү жылдын сентябрында “Кумтөралтын” долбоорун жүзөгө ашыруу менен байланышкан иштер жөүндө кеңири маалымат берсин;

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Н. Т. Танаев 2003-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын парламенттик угуусунда кабыл алынган сунуштардын аткарылышына контролдукту күчөтсүн;

 Тийиштүү маселелер боюнча ушул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Курулуш, кен байлыктар, транспорт жана коммуникация боюнча комитетине (И. Д. Кадырбеков), Бюджет жана финансы комитетине (М. А. Султанов ), Мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитетине (И. И. Исаков) жүктөлсүн”, - деген токтом жарык көрөт.

Бирок, Кыргыз Өкмөтү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтомун каакы ордуна корбой, өз билгенин жасай берди. Ал эми Өкмөттүн кайдыгерлигине карата Жогорку Кеңеш дагы тийиштүү чара көрө алган жок.

Арадан толук бир жыл өткөндөн кийин, тагыраагы, 2004- жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны “Камеко корпорейшн” корпорациясынын сунушу боюнча “Кумтөралтын” долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2003-жылдын 20-июнундагы З №1232-11 токтомун “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бузгандыгы жөнүндө” З № 1694¬11 токтомун кабыл алат.

Анда эмесе назар салыңыз окурман. З № 1694-11 токтомдо:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Камеко корпорейшн” корпорациясынын сунушу боюнча “Кумтөралтын” долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2003-жылдын 20-июнундагы З №1232-11 токтомун 31-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугусуз бузуп, Инвестициялык макулдашууну жактыруу жөнүндө № 835 токтомун кабыл алган.    

Бул макулдашуу боюнча Торонтодо (Канадада) катталган “Центерра голд инк” компаниясы түздөн-түз же бир нече туунду ишканалар аркылуу “Кумтөр голд компанинин” (Кумтөр оперейтинг компани) капиталынын 100% ээси болуп калат. Мына ушулардын бардыгы кредиттердин жалпы массасынын 80%тен ашууну төлөнүп, 2004-жылдын 1-апрелине карай төлөнө турган 98 миллион АКШ доллары калып, ал эми алтындын баасы дүйнөлүк рынокто болуп көрбөгөндөй жогорулаган учурда жасалып жатат.

Эсептоолор мындай реструктуризациялоонун натыйжасында

республика жүздөгөн миллион АКШ долларын жоготуп, Кыргызстан “Кумтөр” кенин контролдобой кала тургандыгын көрсөтүп отурат.

2003 - 2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны “Кумтөралтын” жөнүндөгү маселени үч жолу караштырды. “Кыргызстандагы алтын казып алуунун өнүгүшүнүн келечеги, “Кумтөр-l” долбоору боюнча республиканын экономикасына салым” маселеси боюнча 2003-жылы 16-апрелде өткорүлгөн парламенттик угуу 20дан ашуун пункттан турган сунуштарды кабыл алган, алардын көпчүлүгү аткарылбаган бойдон калууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Курулуш, жер казынасы, транспорт жана коммуникациялар боюнча комитетинин, Мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитетинин жана Бюджет жана финансы боюнча комитетинин демилгеси менен өткөрүлгөн 2004-жылдын 11-февралындагы парламенттик угуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары бузулгандыгын белгилеген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-декабрындагы № 835 токтомун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин. Мыйзам чыгаруу 1694-  жыйынынын 2003-жылдын 20-июнундагы “Камеко корпорейшн” корпорациясынын сунушу боюнча “Кумтөралтын” долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө” З № 1232-11 токтомуна карама-каршы токтом катары жокко чыгарууну сунуш кылган. Кыргыз республикасынын Өкмөтү парламенттин, коомчулуктун ой-пикирин этибар алган жок. Ал токтом бүгүнкү күнгө чейин жокко чыгарылган эмес.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы “Кыргызалтын” АКсынын жетекчилеринин Башкы макулдашуу биздин мамлекет үчүн көз көрүнөө пайдасыздыгы жөнүндөгү билдирүүсүно карабастан, бүгүнкү күнгө чейин тийиштүү чаралар көрүлгон жок.

Жогоруда айткандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2003-жылдын 31- декабрындагы

№ 835 токтомун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларын бузуу менен кабыл алган деп эсептелсин.

  1. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн “Кумтөралтын” долбоорун реструктуризациялоо боюнча чечими элдин кызыкчылыктарына карама-каршы келип, мамлекетке зыян келтирээрине көңүл бөлсүн.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кумтөралтын” долбоорун реструктуризациялоо жөнүндө 2003-жылдын 31-декабрындагы №835 токтомун жокко чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, “Центерра голд Инк” жана “Кумтөр голд компанинин” ортосундагы Инвестициялык макулдашууга, ошондой эле бул документке байланышкан башка документтерге кол коюусун жараксыз деп тапсын;

 -2003-жылдын 16-апрелиндеги жана 2004-жылдын 11- февралындагы парламенттик угуулардын сунуштарын аткаруу боюнча кыйшаюсуз чаралар көрсүн;

 4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын башчылыгы алдында “Кыргызалтын” АКсынын каражаттарынын эсебинен чет өлкөлүк эксперттерди тартуу менен “Кумтөралтын” долбоорун реструктуризациялоо эл аралык экспертизадан өткөрүлсүн.

  1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына:

 2004-жылдын иш планына “Кумтөр голд компани” (Кумтөр оперейтинг компани) биргелешкен ишканасы иштеген бүткүл мезгилиндеги ишин текшерүү киргизилсин;

 -“Кыргызалтын” АКсы таза пайданын эсебинен - дивиденд катары алган (6 млн.) жана менеджмент катары алган (3,9 млн) 9,9 миллион АКТТТ долларынын пайдаланышын текшерсин.

 6. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасы үчүн көз көрүнөө пайдасыз Башкы макулдашууга тиешеси бар адамдарга карата чара көрсүн.

 Ушул токтомдун аткарылышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Курулуш, жер казынасы, транспорт жана коммуникация боюнча комитетине (И. Д. Кадырбеков), Бюджет жана финансы комитетине (М. А. Султанов), Мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитетине (И. И. Исаков) жүктөлсүн» ,- деген олуттуу токтомду кабыл алышып, коомчулукка добулбас кагышкан.

Албетте, бул токтомду дагы Кыргыз Өкмөтү тоготкон эмес. Ошондой эле аталган токтомдун аткарылышына көзөмөл кылган Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринин жетекчи- депутаттары да унчукпай тим болушкан.

Кыргызстандагы бийликтин үч бутагынын бири болгон Жогорку Кеңештин Кыргыз Өкмөтүнө тили өтпөй турган чакта, мага окшогон карапайым кыргыз жаранынын монстр-Өкмөт менен кармашуусун элестетип көрүңүз, окурман. Бирок, мен Н. Танаев кол койгон № 835 токтомду мыйзамга каршы келет деп, аны жокко чыгаруу боюнча Премьер-министрге бир нече ирет кайрылуума жооп болбогондуктан, Өкмөттү сотко бердим.

Н.Танаев кол койгон келишимди жок кылуунун төрт жолу бар болчу. Бул боюнча учурунда Президент К. Бакиевге да кат жазганмын. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген Өкмөттүн токтомдорун, мыйзам актыларын жок кылууга Президенттин, Өкмөттүн, соттун жана Башкы Прокурордун протест кылганга укугу бар болчу. Граждандык кодексте, Прокуратура жөнүндөгү мыйзамда бул ченеме так жазылып турат. Ошондуктан, келишимди жокко чыгаруу боюнча эки жолу Башкы прокурор Элмурза Саты- балдиевге кайрылганмын. Экинчи жолу 2008-жылдын 3-мартында, "Өкмоттүн токтому мыйзамга каршы келип атат. Силер ал токтомго протест кылганга акыңар бар” деп кайра кайрылдым. Бирок, ошону дагы жасабай койду.

Негизи Н. Танаев кол койгон келишимди Өкмөт өзүнүн буйругу менен эле жокко чыгарса болмок. Мен Өкмөттүн өкүлдөрүнө да кайрылдым. Алар, кайра мага опурулушуп, “бизди сотко бергенге сенин кандай акың бар?”- деп чыгышты. Парламенттин вице-спикери эмес катардагы жаран, салык төлөөчү катары сотко бергенге акым бар экенин билдирдим. Мен ошондо канадалыктарга “Кумтөр” мыйзамсыз берилген, Келишим Конституцияга каршы келет”, - деп ачык эле айттым. Бул жерде баса белгилеп кетүүчү нерсе, Акаевдин учурундагы коррупциялык Өкмөттүн ашкересин чыгарып соттошуп жатканда, Бакиевдин Өкмөтүнүн өкүлдөрү менин демилгемди толугу менен колдошот деген үмүттө болгонмун. Себеби, Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусунан жадаган элдин күчү менен келген Өкмөт мурунку мыйзам бузууларды оңдогонго мүмкүнчүлүгү жетиштүү болчу да. Андан калса, элдин талабы деле ушундай эмес беле. Тилекке каршы, “Центерраны” түзүү келишимин жокко чыгаруу доо арызымды Өкмөттүн кийлигишүүсү аркылуу Бишкек шаардык соту менен Жогорку сот, өлкөнү таштап качып кеткен мурунку премьер-министр Н. Танаевдин пайдасына чечип койду. Мен ошондо сотто: “Бул Өкмөттүн алсыздыгы! Эмне үчүн Кыргызстандын Өкмөтү мыйзамга баш ийбей иштеп жаткан чет элдик компанияны тартипке чакыра албайт?”, - деп маселе койгонмун. Бара-бара, Бакиевдин Өкмөтүнүн кызыкчылыгы Акаевдин Өкмөтүнүн кызыкчылыгы менен дал келип калды. Эгерде кызыкчылыктар болбосо, эч кандай соттук териштирүүгө барбай эле, “Өкмөт жөнүндөгү” конституциялык мыйзамга таянып, Н.  Танаев кол койгон токтомду жок кылып коюуга акысы бар болчу. Ошол учурда канадалык шылуундар Премьер-министр И. Чудинов чакырса келбей, тоготпой турган кези эле. Эмне кылышып башын айландырышты билбейм, айтор, И.Чудиновдун Өкмөтү дагы кайра канадалыктарды колдоп калды. Мына сага, парадокс.

Бирок, кийин 2008-жылдын 23-октябрда Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевге жана Каржы полициясынын башчысы Акимжан Муйбиллаевге кат менен кайрылып “Мыйзам чыгаруу палатасынын 2004-жылы 25-июндагы токтомунун 6-пунктунда “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасы үчүн көз көрүнөө пайдасыз Башкы макулдашууга тиешеси бар адамдарга карата чара көрсүн” деген Жогорку Кеңештин тапшырмасы берилген. Эмне үчүн аны аткарбай жатасыңар? Кыргызстан үчүн зыяндуу келишимге кол койгон жарандар эмнеге жоопко тартылбай жатат? Бул иш төрт жылдан бери созулуп келатат. Эмдигиче козголгон кылмыш иштин аягына чыгарбай жатасыңар”, - деп маселе көтөрдүм. Адаттагыдай эле булар дагы жооп беришкен жок.

Анан Башкы мыйзамдын негизинде кайрадан Өкмөттү сотко бердим. Мисалы, “Too кенин пайдаланууда үлүштөрдү бөлүү жөнүндө” деген мыйзам бар. Ошол мыйзамда Өкмөт 10 жылдык эле мөөнөткө келишим түзгөнгө акысы бар деп көрсөтүлгөн. Ал эми биздин Өкмөт канадалык ишкер-шылуундар менен 1992- жылы келишим түзгөн. Жогоруда айткандай, алтын казып алуу 1997-жылдын май айында башталган. Демек, 2007-жылдын майында фабрика кыргыз бийлигинин колуна өтүшү керек болчу.

Анан дагы кызыгы, “Камеко” тарап айрым бир салыктарды жашырып, 4 жылдан бери текшертишпей келишкен. 2008-жылдын 4-июлунда ушул маселе боюнча канадалык тараптан, “Кумтөр голд компани” ишканасынын вице-президенти А. Сазановду, финансылык маселелер боюнча вице-президент Филипп Йини, Кыргызстан тараптан, Салык боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Ж.Эшенкуловду, Финансы полициясынын тергөөчүсү А. Эрнис уулун жана башка тийиштүү адистерди Жогорку Кеңештеги кабинетиме чакырып сүйлөшкөнбүз. Ошондо “Кумтөрдү” текшерүүгө киргизүү талабын койгонмун. “Булар эмне мамлекеттин ичиндеги мамлекет бекен? Бул эмне деген жорук?”, - деп Башкы прокурорго кат менен дагы кайрылгам. Ошондо салык комитетинин, финансы полициясынын өкүлдөрү, “Кумтөр голд компани” ищканасы 1999-жылдан берки финансылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө киргизбей жатканын ачык эле айтышты. Ал эми вице-президент А. Сазанов, “салык органдарынын текшерүүсү мыйзам боюнча жылдык мөөнөттү гана камтыш керек. Ошондуктан, 2005-жылдан беркисин текшериш керек”, - деп чыкты. Ал эми 1999-жылдагы финансылык иштер салык кызматкерлеринин текшерүүсү менен жолго салынганын билдирди. “Кумтөр” ишканасынын финансы жана отчеттуулук боюнча менеджери Рыспек Токтогул Текшерүүнүн тартиби жөнүндө Президенттин Жарлыгы чыккан, ошондуктан, салык комитетинин үстүнөн арызданабыз деп кирди. Айтор, канадалык тарап финансылык абалын текшертүүгө таптакыр жакын жолоткусу келген жок.

Анан мен: “Силер Кыргызстандын аймагында иштеп жатасыңар. Мыйзамды сыйлашыңар керек. Тергөөчүлөрдүн ишине жолтоо болгонго эч кимдин акысы жок” дедим» “Эмне үчүн кайра эле текшерүү жүргүзүп жатасыңар. Биз тынчтык жолу менен эле бардыгын чечсек болбойбу?” деди, - А. Сазанов туталана.

Алар ошол учурда бир жумадан бери фискалдык органдын кызматкерлерин текшерүүгө киргизбей жаткан болчу. Тийиштүү документтерин берген күндө деле ал англис тилинде жазылган варианттары экен. Андан калса, эл аралык сотко беребиз дегендей сөздү кыйытып келишкен. “Силер бир жумадан бери текшерүүгө киргизбей жатасыңар. Анан кайсыл тынчтык жолу менен сүйлөшүү жөнүндө сөз болуп жатат? Баары бир текшертүүгө киргизесиңер, столду муштап, - “Керек болсо өпкөңөрдү үзөмүн”! Кыргызстандын аймагындагы салык маселелерин, талаш-тартышын эл аралык сот аркылуу чечебиз дегениңер эч нерсеге арзыбайт” дедим.

Мына ушундай күч менен канадалыктар текшерүүгө уруксат беришти ал эми, биздин фискалдык органдардын кызматкерлери "Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынан салыктан жашырган 277 089 000 сомду таап чыгышты. Салык органынын кызматкерлери текшерүүнүн актысын мага алып келип беришти. Үч-төрт айдан кийин кызык жагдай түзүлгөнүн байкап калдым. Себеби, “салыктан жашырды” деген ошол 277 миллион 89 миң сом сумма азайып, 85 миллион сомго түшүп калыптыр. Дээрлик 3,2 эсе азайып кетиптир. Мында бир мандем бар экенин сездим. Анан ошол учурдагы Салык жана төлөмдөр боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Ахматбек Келдибековго: “Силердин кызматкерлер “Кумтөр” ишканасын текшергенде 277 089 000 сомду таап чыгышты эле, эмне себептен 85 миллионго түшүп калды? Бул салык төлөмдөрү эмне үчүн азайып кетти? Муну тастыктаган документтер барбы? Ушуну билип бересизби?”, - деген мазмунда кат жолдодум.

Тилекке каршы, ар кандай себептер менен бул сумманын таржымалы да жоопсуз калды. Кийин Жогорку Кеңеш тарап кеткенине байланыштуу так маалымат алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Балким, кыргыз бийлиги адатынча калган сумманы жеп жок кылгандыр. Буга ишенбей коюуга мүмкүн эмес.

Эң башкысы Танаевдин № 835 токтому Конституциянын 58- статьясына жана “Эл аралык келишимдер жөнүндөгү мыйзамдын 11-статьясына каршы келген документ болчу. Ошондуктан, бул келишим таптакыр иштебеши керек эле. Тилекке каршы, ал өз элинин жыргалчылыгына кайдыгер караган, мыйзамды тебелеп- тепсеген бийлиги бар Кыргызстанда иштеди. Иштегенде да кандай иштеди дейсиз. Муну Н.Танаев жалгыз жасамак беле? Албетте, А. Акаев баш болгон колдоочулары турганда, Танаев үчүн мыйзамсыз келишимге кол коюу кыйын эмес болгон. Конституцияга каршы келген келишимди ошол учурдагы Юстиция министри, корей кызы Неля Бейшеналиева “мыйзамдаштырып”, Танаев макулдашууга кол койгондон бир жумадан кийин, тагыраак айтканда, 2004-жылдын 4-январда, (№02-13|7) министрликтин ырасмий тыянагын чыгарып берген. Бирок, таң калыштуу жери, канадалык “Камеко” ;компаниясы түзүлгөн макулдашуудан шектенгенби айтор, Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн юридикалык ыйгарым укуктарын билүү үчүн Юстиция министрине кайрылышыптыр. Юстиция министри Н.Бейшеналиева макулдашууга кол койгондон эки жарым жылдан кийин 2004-жылдын 12-февралында төмөндөгүдөй ырасмий кат менен жооп берген:

“На Ваш запрос о разъяснении юридических полномочий Правительства Кыргызской Республики по заключению Соглашений и принятию постановлений сообщаем следующее:

  1. В соответствии со статьей Конституции Кыргызской Республики,

статьей 1, 20, 21 Закона Кыргызской Республики “О Правительстве Кыргызской Республики” Правительство Кыргызской Республики имеет юридические полномочия:

  • решать все вопросы государственного управления, за исключением

полномочий, отнесенный Конституцией Кыргызской Республики к компетенции Президента Кыргызской Республики и Жогорку Кеңеша Кыргызской Республики;

  • обеспечивать проделение инвестиционной и налоговой политики;
  • осуществлять меры по управлению объектами государственной

собственности.

  1. В соответствии со статьей 74 Конституции Кыргызской Республики

и статьей 18 Закона Кыргызской Республики “О нормативных правовых актах Кыргызской Республики” на основании и во исполнение Конституции Кыргызской Республики и законов Кыргызской Республики, нормативных правовых актов Президента Кыргызской Республики Правительство Кыргызской Республики издает постановления и распоряжения, а также организует, проверяет и обеспечивает их исполнение. Постановления и распоряжения Правительства Кыргызской Республики обязательны к исполнению на всей территорий Кыргызской Республики.

 В соответствии со статьей 16 Закона Кы,ргызской Республики “О нормативных правовых актах Кыргызской Республики” Законодательное собрание Жогорку Кеңеша Кыргызской Республики принимают постановления по вопросам, отнесенным к его ведению Конституцией Кыргызской Республики. В соответствии со статьей 58 Конституции Кыргызской Республики в полномочия Законодательное собрания Жогорку Кеңеша Кыргызской Республики не входят вопросы, отнесенные к компетенции Правительства Кыргызской Республики и перечисленные в пункте 1 настоящего письма.

На основании вышеизложенного подтверждаем, что:

  1. Правительство Кыргызской Республики имеет все необходимые и

достаточные юридические полномочия для заключения Соглашений и принятию постановлений и осушествляет их в соответствии с Конституцией Кыргызской Республики и действущим законодательством Кыргызской Республики.

  1.  Постановления Законодательного собрания Жогорку Кеңеша

Кыргызской Республики и его комитетов по вопросам, относящихся к ведению Правительства в соответствии со статьей 73 Конституции Кыргызской Ресублики могут носить рекомендательный характер для Правительства Кыргызской Республики.

  1. Заключение Министерства юстиции Кыргызской Республики от 4

января 2004 года № 02-13\7 остается в полной силе и действии.

С уважением,

И. О. Министра                                                  Н. Бейшеналиева

Ушинтип, Н. Бейшеналиева айым канадалыктардын купулуна толорлук тыянак чыгарып берген. Бирок, “Эл аралык келишимдер жөнүндөгү” мыйзамдын 11-статьясында, “-договоры об использовании природных ресурсов другими субъектами международного права и иностранными компаниями подлежат ратификацию в Жогорку Кенеше” деп ташка тамга баскандай даана жазылып турат. Тилекке каршы, бул макулдашуу Жогорку Кеңеш Тарабынан ратификация болгон эмес. Анан кантип Неля Бейшеналиева айым мыйзамга каршы келген документ экенин билбей калды экен? Же Бейшеналиеванын чечими Конституциядан жогору турабы? Ошон- лой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 30 пунктунда аталган маселе боюнча, Өкмөт башчысы ушундай маселелерди сөзсүз түрдө биринчи вице-премьер-министр жана башка тийиштүү Өкмөт мүчөлөрү менен талкуулоо керектиги айтылган. Андай талкуу болгон эмес Жаңы жылдын алдында шашылыш кол коюу үчүн Өлкөдө эч кандай зарылчылык жок болчу. Мамлекет Жаңы жылды тосууга камданып жаткан. Өкмөт мүчөлөрү менен макулдашууга убакыт жетишерлик эле. Анда, Танаев мырзаны келишимге шашылыш кол коюуга ким мажбурлады? Мунун түйүнү ушy күнгө чейин чечилбей келатат. Дал ушул Конституцияга каршы келген макулдашуунун тууралыгы жөнүндө ошол учурдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер- министри Курманбек Осмонов да кол коюп, “Центеррага” жообун узатыптыр.

Баса, Бейшеналиева демекчи. Кыргызча фамилиясындагы бар корей кызы, Ташкентте туулуп өсүп, Кыргызстанга келери менен тез эле бийлик бутактарына илешип, Акаевдин администрациясында иштеп жүрүп, аттап-буттап Юстиция министри, Жогорку соттун төрайымы болгонун билесиңер. Ошондой эле Ак үйдөгү юридикалык бөлүмдүн башчысы еврей улутундагы Элеонора Белковская деген “Камеконун” Президенти Лен Хоменюктун аялынын жакын курбусу болгон. Кумтөр боюнча көптөгөн документтер Белковская айымдын колунан өтүп турган. Ал керек болсо, Н. Танаевди кол баласындай жумшап, айтканы эки болгон эмес дешет. Танаевдин мас абалында келишимге кол коюшуна Белковская айымдын салымы чоң. Мына ушундай Кыргызстандын экономикасына кошкон “салымы” үчүн Президент Аскар Акаев Белковскаяга “Эмгек сиңирген юрист” наамын ыйгарган. Тескерисинче, жоопко тартылышы керек болчу. Азыр бул айым Кыргызстандын профсоюздар уюмунун юридика бөлүмүнүн башчысы болуп, эч нерседен капары жок иштеп жатат. Мына алтын мафиясынын бир учу ушундан башталат.

Анан дагы аталган келишим Акаевдин Жарлыгы менен ратификацияланган деп угуп, 2008-жылы 13-мартта Президенттин администрация башчысы Медет Садыркуловго кат менен Жарлыгы жөнүндө маалымат берүүнү өтүнгөн элем. 2008-жылдын 9-апрелде Президенттик администрациядан төмөндөгү мазмунда (№ 20-1130) кат алдым. Анда:

“Заместителю Торага Жогорку

Кенеша Кыргызской Республики

Исабекову К. С.

 

Уважаемый Кубанычбек Сатиндиевич!

На Вашу просьбу от 13 марта 2008 года за № 368 относительно предоставления указа о ратификации Генерального соглашения между Правительством и корпорацией “Камеко корпорейшн” сообщаем, что канцелярией Президента Кыргызской Республики была проведена ревизия зарегистрированных указов за упоминаем Вами период. В результате проверки выяснилось, что, в дивных журналах регистрации Указов Президента Кыргызской Республики вышеназванный документ не значится. 

Следует отметить, что по данному вопросу было принято постановление Правительства КР от 31 декабря 1992 года N 648 “О состоянии и мерах по увеличению добычи золото в Республике Кыргызстан” где п. 4 утверждено, подписанное 4 декабря 1992 года в г.Торонте Генеральное соглашение между Правительством Республики Кыргызстан и Канадской корпорацией Камеко корпрейшн” по совместной разработке Кумтөрского золоторудного месторождения .

С уважением,                                    М. Садыркулов.”

Окурман өзү күбө болгондой, канадалык компания менен түзүлгөн Башкы макулдашууну ратификациялаган Президенттин Жарлык жоголуп кеткен. Бул мамлекеттин жүзүнө көө сүйкөгөн уяттуу көрүнүш болушу керек эле. Аталган ишти Финансы полициясы дагы текшерип чыгып, парламент тарабынан ратификацияланбаган келишимдеги инвестициялык макулдашууларда көрсөтүлгөн финансылык жеңилдиктер каралбашы керек болчу деген тыянак чыгарышкан. Тилекке каршы, Акаев баш болгон бийлик ашарын ашап, жашарын жашап, көйгөлөрү кыргыз элинин башына үйүп кете беришти.

Автор, Кубанычбек Исабеков. (уландысы бар)

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости