www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасынын мөөнөтүн узартууну карап, аны 28-сентябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

Ал өзү соттун чечимин “таптакыр орунсуз” деп баалады.

25-июнда ушул эле Биринчи май райондук соту Кулматовду 28-августка чейин камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү өтүнүчү менен адвокаттар Жогорку сотко кайрылып, Жогорку сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") менен айып тагылган.

Июнь айында Кулматовго 350-346-беренелердин (“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде экинчи кылмыш иши козголгон. УКМК аны "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости