www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгер эсиңиздерде болсо, экс-президент А. Атамбаевдин бийлигинин тушунда Кубанычбек Кулматов деген “эрке бала” боло турган. Ал кыйын экономист, инженер, реформатор же башка кесиптин ээси болбосо да улам бир майлуу кызматты ээлеп, кайра жайлуу креслого жылып, айтор “атакесинин” доорунда бир топ эле талтаңдаган. Ошентип жаңы бийликтин тушунда доору бүткөн Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматов Бишкек ЖЭБинен мектеп курууга деп бөлүнгөн акчанын дайынсыз жоголушу боюнча суракка чакырылып, көп өтпөй  үйүнө тинтүү да жасалды.  Бирок Кулматов  өзү  тинтүү кайсы жердеги үйүнө жасалганын жана кайсы орган жасаганын айткан жок.УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов болсо Кулматовдун үйүнө тинтүү жасалганы боюнча “Азаттыктын” суроосун комментарийсиз калтырды. Ал бул маалыматты тастыктаган да жок, төгүнгө чыгарган да жок.

Кубанычбек Кулматов 14-майда Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигинен өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Андан үч күн мурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылган. Кийин Бишкек мэри болуп иштеп турган кезде TBEA компаниясы мектеп курулушу үчүн берген гранттык каражатты кымырууга байланыштуу сурак бергени белгилүү болгон. Кулматов кызматтан кетиши боюнча “Азаттыкка” түшүндүрмө берип, муну саясат менен байланыштырган. Ал ошондой эле иштен кетишин Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна тиешеси жок экенин айткан эле. 2014-жылы Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого 386 млн доллар жумшаган кытайлык ТВЕА компаниясы бул суммадан сырткары 2 млн доллар грантка мектеп салып бермек болгон.

Ага Калыс-Ордо конушуна 1200 орундуу мектеп жана бала бакча куруу жагы чечилген. Кийин ал 750 орунга, андан кийин 660 орунга чейин кыскарган. Кытай компаниясы бөлүп берген акча менен курулуш иштерин баштаган эки компаниянын иштери экспертизадан өтпөй калып, иш эки жолу токтоп калган. Кийин курулуш үчүнчү ишканага - "Айкөл курулуш" компаниясына берилип, мектепти ошол бүткөргөн. Ага Кытайдын акчасынан тышкары Бишкек шаардык бюджетинен 104 млн сом бөлүнүп берилген.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости