www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйыны болуп жатат. Анда депутат Кубанычбек Нурматов мигранттардын маселесин көтөрүп, Россиядагы бир айдоочусунан сырткары Миграция кызматынын жана ИИМдин өкүлдөрү толугу менен коронавирус менен ооруп калганын маалымдады.
“Учурда чет өлкөдө канча жараныбыз ооруп жатат? Бул суроону караңыздар. Кыргызстандын мамлекеттик миграция кызматынын, бир айдоочусунан сырткары, Россиядагы ИИМдин өкүлдөрүнүн бардык өкүлдөрү коронавируска чалдыгып калган. Алар эл менен күнү-түнү байланышкандыктан илдетти жуктуруп алышты. Өкмөт тарабынан аларга кандай жардам каралган? Медиктерге компенсация каралган, аларгачы? Бул маалыматты Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси билдирди. ИИмдин өкүлдөрү да ооруп жатканын айтышты”, -деди Нурматов.
Булак: NazarNews.org