www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын, тактап айтканда, коронавирус пандемиясынын кесепетинен токтотулган экономика жана маданият жаатындагы боордош шаарлар болгон Бишкек жана Анкара ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Бишкек шаарындагы Ататүрк атындагы сейил бак эң чоң шаардык сейил бак экенин белгилеп, Анкара шаарынын борборундагы "Дикмен Вадиси" сейил багынан Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакты ачуу үчүн жер тилкесин берүү боюнча буга чейин жетишилген келишимдин аткарылышын тездетүүнү суранды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости