www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Ислам динин жайылтуу аракети - сырткы көрүнүштү АРАПТАШТЫРУУ деӊгээлинен көтөрүлө албай келет. Мындай пикирин журналист Кубаныч Заинидин өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Динди жаманатты кылууга жол берилбеши керек! Арапташуунун да чеги болот. Исламды кабыл алуу же аны жүрөккө орнотуу үчүн сырткы кебете-кешпир эч кандай таасир этпеши керек. Бирок, Кыргызстанда Ислам динин жайылтуу аракети - сырткы көрүнүштү АРАПТАШТЫРУУ деӊгээлинен көтөрүлө албай келет. Муну моюнга албай чычалаган коом да түзүлдү. Аны бизнеске айланткан өкүлдөр да арбып барат. Мунун арты өтө коркунучтуу.

Улутчулдук менен динчилдиктин ортосуна жик салбагыла!

Улут деген - көөнө тарыхынан калыптанган, кан-жанга сиӊген каада салтын заманга жуурулуштуруп жашап, калыптанып келатканын аалам айгинелейт.

Дин болсо - адамзаттын жүрөгүнүн тынчтыгын, жашоо ыргагынын адилдигин үйрөтүүчү улуу мектеп, устат.

Андыктан, дин менен улутту чаташтырып, бирин-биринен улук коюп, биринин баасын биринен түшүрүү үчүн жан үрөп, болушунча ыплас сөздөрдү колдонуу менен араздашууну арбытуу эч кимге абийир жана атак алып келбейт!

Ток этээри динди тутунгуӊар келсе жүрөгүӊөр менен кабыл алгыла!

Урматтуу, бири-бирин таксыр атап, эки сөзүнүн бирин арапча айтып, сакал коюп, дамбал кийип, хиджап жамынган ДИНЧИЛ улутташ-замандаштарым сиздердин сырткы кебете-кешпириӊер динге таандык эмес. Алар АРАБ элинин географиялык шарттагы кийими.

Кыргыз болуп туруп, кыргызча кийинип туруп, КЫРГЫЗ улутун сүйүп туруп, ардактап туруп деле динди жүрөгүнө орнотсо болот!

«ДИНди кабылдоо, урматтоо, сүйүү үчүн кайсы бир улутту мазактоо кордоо же анын каада-салтына каршы чыгуу керек» - деген кеп эч жерде жок экенин акыл-эстүү коом так билет.

Ток этээри, динди береги сүрөттөгү «КАТЫНДАЙ» болуп наристелерди чүмкөө жана аны тынымсыз пиарлоо менен сүйүүсүн арттыруу «ЭЧ БИР ХАДИСте» айтылган эмес!», - деп белгилеген Кубаныч Заинидин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости