www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Элдик парламенттин чечиминен кооптонгон Атамбаев Июнь окуясы боюнча чындыкты чыгарып жиберет деп каматкан», - деди бүгүн, 23-майда NazarNews маалымат агенттигине Төрөбай Колубаев.

- Төрөбай мырза, Июнь окуясы боюнча үч саясатчыга айып коюлду. Бирок, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бул иш саясат жыттанып жатканын, өч алуу аракети башталды деген коңгуроо кагып жатышат го..

- Июн окуясы боюнча кылмыш ишин козгоп, айрымдарына айып угузулду. Мен муну туура эле көрдүм. Эми Убактылуу Өкмөттүн башка мүчөлөрүнө да иш козголот деп ойлойм. Бирок, алар «биздин күнөөбүз жок, өз чындыгыбызды далилдейбиз, өч алуу башталды. Саясат үчүн иш козголду» деген ойлорун айтып жатышат. Кандай болгон күндө да алардын күнөөсү бар. Ошондой эле, азыркы бийлик Июнь окуясын иликтеп, аягына чыгара алабы деген маселе да бар. Ошон үчүн  бийлик бул маселени кылдаттык менен иликтеп, адилет чечим чыгарыш керек. 

- Элдик парламенттин мүчөлөрүнүн камалышына да Июнь окуясын иликтей баштаганы себеп болгон деген маалыматтар бар. Ишенсек болобу?

- Ишенсеңер болот, Анткени, Элдик парламент Июнь окуясы боюнча комиссия түзүп, өз ишин баштаган. Биз жылмалабай, болгондой айтабыз, кимдердин тиешеси бар экенин, кайсы күчтөр жаңжалды тутантканын коомчулукка жарылайбыз деген ой менен иш баштаганбыз. 

Биздин комиссиянын чечиминен кооптонгон Атамбаев чындыкты чыгарып жиберет деп жасалма жол менен айып тагып каматкан. Камалганыбыздын бирден бир себеби ушул июнь окуясы болчу. Ошон үчүн бизди 14 жылга кесишкен.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бир жыл мурда июнь окуясы боюнча 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.

Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган. Иш боюнча атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурада 25-апрелде, Садыр Жапаров 27-апрелде күбө катары сурак берип чыккан.

Коогада жетекчилик кызматтарда турган, иликтеп-териштирүүгө катышкан баш-аягы 15 адам сурак берген.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

«Июнь окуясы» деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости