www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылымга тете беш күн. Жай күндөрү жойпуланып, чалынган күнү баса калууга ашыккан чөөлөрдүн катары. Мындай пикирин журналист Кубатбек Айбашев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ага кошумча, "Бул күндөр канчалаган кубулма маска кийген адам сымалдардын бетин ачты. Кимдин ким экени даана көрүндү. Биле жүрүшүбүз керек - саткынчылык ар бир кыргыздын канында бар", - деп жазган Айбашев.

Эске сала кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Жыйынтыгында шайлоого нааразы тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имаратка кирип баруу менен аяктаган. Андан соң митингдин уюштуруучуларына президент атайын Кайрылуу жасаганы менен бир пикирге келише алган эмес. Баш аламандыктын айынан Атамбаев баштаган бир топ адамдар камактан чыгып кетишкен. 10-октябрда Атамбаев жана анын тарапкерлери кайра камалышты. Башкы прокуратура 6-октябрга караган түнү абактан чыккандарга өз ыктыяры менен кайра кайтууну талап кылып, талап аткарылбаса катуу чара көрүлө тургандыгын кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости