www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубатбек Боронов Беларусь Өкмөт башчысы менен  жолукту

Минск шаарында (Беларусь  Республикасы) өтүп жаткан Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-белорус өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу БЕЛТА басылмасы жазып чыкты. 

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, саясий жана соода-экономикалык байланыштын активдешкенин эске алуу менен, эки өлкө ортосундагы өз ара кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле өз ара соода жүгүртүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

                                         Сүрөт Оксаны Манчук

Беларусь Республикасы бул багыттагы тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярдыгын билдирди.

«Кыргыз Республикасы Беларусь Республикасы менен түзүлгөн достук алакага жана өз ара кызматташууга чоң маани берет», – деди Кубатбек Боронов.

Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Премьер-министри Сергей Румас Кыргыз Республикасы жана Беларусь Республикасы ишенимдүү өнөктөштөрдөн болуп саналат жана өз ара кызыкчылыктарды жараткан багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

«Бул үчүн мүмкүнчүктөр жана биздин мамлекет башчыларыбыздын колдоосу бар» – деп белгиледи Беларусь Өкмөтүнүн башчысы.

                                        Сүрөт Оксаны Манчук

Жолугушуунун соңунда байланышты жана мындан аркы кызматташууну тереңдетүү үчүн эки өлкөнүн ишкерлерине аянтча түзүү максатында бизнес форум өткөрүү тууралуу макулдашуу жүрдү.

Ошондой эле, эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттарын илгерилетүү жана активдештирүү үчүн платформа катары өкмөттөр аралык кыргыз-белорус комиссиясынын ишинин маанилүүлүгү белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости