www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициянын жыйынында өкмөт башчысы кызматына талапкер Кубатбек Боронов депутаттын суроосуна жооп берип жатып, ушул жылдын 20-июнунда Өзбекстан менен Кыргызстан тарап чек араларды делимитация жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушуу өткөрүлө тургандыгын билдирди.
"Жумушчу топтун отуруму Өзбекстандын сунушу менен Наманган же Фергана шаарларынын биринде болору күтүлүп жатат. Ошондой эле Тажикстан менен дагы паритеттик комиссия чек араларды тактоо боюнча өз ишин улантат", - деди Боронов.
Белгилей кетсек, кечээ, 15-июнда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Ал эми бүгүн, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө негизделип, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевичтин отставкасы кабыл алынды.
Азыркы тапта Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке талапкерди карап жатат.
Булак: NazarNews.kg