www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элди кооптондурган билдирүүлөргө мамлекеттик органдар ыкчам жооп берип турууга тийиш. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргенин Республикалык штабдан кабарлашты.
"Жакында эле тик учак менен белгисиз зат чачылып жатат деген билдирүү социалдык түйүндөргө тарады. Пандемияга байланыштуу ансыз да элибизге моралдык-психологиялык жактан жеңил эмес болуп турат. Мындай кооптондурган билдирүүлөргө мамлекеттик органдар ыкчам жооп берип турууга тийиш", — деди Боронов.
Эске сала кетсек, буга чейин соцтармак жана мессенджерлерде тик учак менен белгисиз зат чачылып жатат деген маалымат тараган.
Булак: NazarNews.kg