www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов өлкөдөгү фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү менен дары-дармектин запасын камсыз кылуу жана алардын негизсиз кымбатташына жол бербөө маселеси боюнча онлайн режиминде жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Премьер-министр дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды калк үчүн жеткиликтүү баада үзгүлтүксүз камсыздап берүү боюнча көмөк көрсөтүүнү сунуштады.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү буга чейин айрым дары-дармектердин бажы төлөмүн алуу боюнча иш-чараларды жүргүзгөн. Жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн мамлекет бардык шарттарды түзүп берүүгө даяр. Эгерде медициналык каражаттарды жана жабдуулардын запасын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл алуу зарылдыгы жаралса, бул багыттагы иш аракеттерди Өкмөт карап чыгат. Бирок ал үчүн фармацевтикалык компаниялар өлкөдөгү дары-дармекти көмүскө жол менен башка мамлекеттерге алып чыкпоого жана бааны   негизсиз жогорулатпоого тийиш», - деди Кубатбек Боронов. 

Фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү дары-дармектер менен медициналык жабдууларды өлкөгө алып келүү, аны сертификациядан өткөрүү жол-жоболорун жөнөйкөйлөштүрүү, ошондой эле укук коргоо органдарынын текшерүү иш-чараларын азайтуу сындуу бир катар сунуштарды беришти. 

Өкмөт башчы сунуштар дыкат каралып чыгарын айтып, фармацевтикалык компаниялар менен дарыканаларды текшерүү иштери дары-дармектин баасын көзөмөлдөө үчүн жүргүзүлгөнүн белгиледи. 

Жыйындын соңунда Премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга коронавирус инфекциясы менен өпкөнүн сезгенишине керектүү болгон дары-дармектер менен медициналык жабдууларды алып келүүгө байланыштуу бардык маселерди чечүү тапшырмасын берди. Ал эми фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрүн өлкө үчүн татаал кырдаалда биргеликте иш алып барууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости